ОШ, 9-авг. — Sputnik. Алай районундагы Гүлчө айылынын 26 жаштагы жашоочусу Камчы Эркинбеков сууга чөгүп кеткен төрт жаштагы Фаркат аттуу наристени ажалдан аман алып калды.
Эркинбековдун айтымында, ал 7-август күнү эки иниси менен Дача-Суу көлмөсүнө сууга түшкөнү барган.
"Жээкте жаш балдар көп экен. Бир кезде 13 жаштагы бир тууган иним 1,5 метр тереңдиктеги сууда бала жаткандыгын айтып кыйкырды. Шашып эле кийимчен сууга секирип, иним экөөбүз баланы кургакка алып чыктык. Бети көгөрүп кетиптир. Жасалма дем алдырып, кайра көмкөрөсүнөн жаткырып желке туштан басканда суу чыгып дем ала баштады", — деди Эркинбеков.
Ал ошондой эле өз унаасы менен баланы анын апасы менен кошо Алай райондук ооруканага жеткиргенин кошумчалады. Ооруканадан наристеге медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда абалы турукташып калды.