БШК: президент болом дегендердин арасындагы 11 киши соттолгон

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке аттанам деп жаткандардын арасында мыйзам бузгандар дагы бар экенин Борбордук шайлоо комиссиясы жар салды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президенттикке аттанууга ниеттенип жаткан талапкерлердин 11и мурда сот жоопкерчилигине тартылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

31-июлда президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдөн арыздарды кабыл алуу токтоду. Жалпысынан президенттик шайлоого талапкер катары 59 киши арыз берген.

"11 талапкер сот жоопкерчилигине тартылган же учурда тартылууда. Алардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга аракет кылган делип айыпталган. Бул боюнча соттун чечимдери чыккан. Баңгизатын алып жүрүү, коррупция, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, улуттар аралык кастыкты козутуу сыяктуу беренелер менен айыпталган беш учур боюнча азырынча соттун чечими жок", — деди ал

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодон эмнеге баш тартканын түшүндүрдү
Шайлдабекова ошондой эле аталган кылмыш иштери кыскартылганын же акталганын БШКнын өкүлдөрү тактай турганын кошумчалады. Андай болбогон учурда алар талапкерлердин тизмесинен чийилет.

Ал андан сырткары бардык талаптарга жооп берген талапкерлер катталгандан кийин тизме кыскарарын айтты.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0