Соцтармак кызыктары: аялын штанга кылып көтөргөн эргул, бутка кийилген калпак

© Sputnik / Жоомарт УраимовДевушка с смартфона в социальной сети Facebook
Девушка с смартфона в социальной сети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жума ичинде социалдык тармактар адаттагысынан жазбай чуулгандуу да, көңүлдүү да окуялар менен коштолду

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жума күнү кечкурун асмандан өзгөчө жарык көрүп таңыркагандар социалдык тармактарда заматта ызы-чуу түшүп калышты. Бирок аз убакыттын ичинде эле ал эмне экенин жана каяктан чыгып кайсы тарапка баратканын билип "ө-өх!" деп отуруп калышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада социалдык тармактарда чуу жараткан жана көңүл көкөлөткөн окуялар топтомун сунуштайт.

1. Дүрбөлөң кылган табышмактуу жарык. Асманыбыздан эмне балакет учуп кетти деп ызы-чуу боло калдык эле, көп убакыт өтпөй "Союз-ФГ" ракетасы Байконур космодромунан Эл аралык космос станциясына учуп кеткени белгилүү болду.

 

#кудайгашугур 🙏 #AsianCadetWrestlingChampionship2017 #UnitedWorldWrestling 🥇🥈🥉🥇🥈🥉

Публикация от Дария (@dariia.santasheva) Июл 24 2017 в 6:49 PDT

 

2. Азиянын балбандарына ак калпак кийгизилди. Шейшемби күнү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынан ийгиликтүү кайткан кыргызстандык балбандарды аба майдандан ак калпак кийгизип тосуп алышты.

3. Баш кийимди бутка кийип калдыкпы? Жогурудагы спортчулар ак калпакты кийүү үчүн тер төгүп эмгектенсе, бул балдар калпакты бутуна кийип жүрөт. Бала деген бала да, акыл айткан адам болбосо алар баш кийимдин баалуулугун кайдан билмек эле…

4. Мен сени колума көтөрүп багам! Бул байкебиз үйлөнөрдө аялына "мен сени колума көтөрүп багам" деп убада бергенби, же атайын шаймандары жок болгондуктан ушинтип машыгып жаткан оор атлетчиби, айтор, белгисиз. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.

 

@realmadrid @manchesterunited Заметили что нибудь?)😊 Like Если заметил

Публикация от ⠀⠀⠀⠀Δ⠀⠀⠀Δ⠀⠀⠀Δ⠀⠀⠀⠀ТРИ ТРИ ТРИ (@333.kg) Июл 24 2017 в 3:14 PDT

 

5. Кыргызстандык футбол күйөрманы "Реал Мадрид" менен "Манчестер Юнайтеддин" беттешине барыптыр. Кыргыз экенин далилдейин дегенби, өзү менен кошо Кыргызстандын желегин алып алган. Аны видеону жакшылап көрсөңүз байкайсыз.

 

Обнимашки

Публикация от BadStreetShow(KGZ) (@badstreetshow) Июл 26 2017 в 10:14 PDT

 

6. Көчөдө кучакташууга даярсызбы? Сизди да ушинтип бейтааныш адам кокусунан кучактап жиберсе эмне кылмаксыз?

Жаңылыктар түрмөгү
0