Кат деген мен үчүн жакшы маанайдагы кабар. Анын ичинде эмне деген сезимдер сакталып жатат. Бекеринен "кат" деген сөз менен айтылып калбаса керек.
Мен Ноокаттанмын. Бул "ноодогу кат" дегенди билдирет. Илгери биздин аймактагы үңкүрдөгү ноолордон каттар табылган экен. Менимче, кичи мекенимдин аталышы да ушундан калса керек.
Айылга мурда бир айда 2-3 ирет каттачумун. Үйдү, кичи мекенимди көп сагынаар элем. Буга кошумча хирург катары аймакка улам-улам чыкканга туура келчү. Ноокат Оштон ары кол жеткидей эле жер эмеспи, сөзсүз тие кетчүмүн. Азыр турмуш, талап башка, эми жылына 2-3 жолу барып турам.
Ошол кездегидей улуу кар азыр жок…
Азыр айылда эски тамыбыз турат, жаңысы да курулду. Балалык кезде басып жүргөн жол эсте. Үйдөн мектепте чейин 3 чакырым аралыкты басып жөө барып-келип окучубуз.
Эсимде… ошол кезде Ноокатка улуу кар жаачу. Сууктан катып калып, үстү менен кадимки жол сымал басып, каттачубуз. Кээде катып калган жерлер сынып, мен түшүп кетип, өтүгүмдүн кончу карга толуп калар эле. Көк муштум болуп үшүчүбүз, балабыз да ага да кайыл болуп мектепке каттап, жылгаяк тээп, кар чабышып ойногон кездерди кантип унутасың. Азыр биздин аймакта андай кар жаабай калды…
Ошол ары-бери каттаган сайын балалыкты, тээ 65-70 жыл алыс калган кереметтүү чактарды эстейм. Тоолор, жолдор мага ошол кездегисиндей, эч өзгөрбөгөндөй сезиле берет. Ал эми эски жайлар, менин бөбөк кезимдеги көргөн тамдар жок, ордуна жакшынакай, башкача үйлөр түшкөн.
Барган сайын сагыныч тарап, чер жазып келем. Тоолор эске түшөт. Боорунан отун терип, табылгы кыйып келчүбүз. Табылгы менен үйдү жабат элек, анын артынан топурак төгүп, жылуулачубуз. Кыштын күндөрү азыркыдай меш кайда, сандал менен отурган шартта чоңойгонбуз. Ичине пахта салынып, шырып тигилген өзбек чапан менен кыштан чыкчу элек. Анын баары эсимде…
Классташтарым менен мүмкүн болушунча жолугууга аракет кылабыз. Бул кат аркылуу аларга салам айтып, ден соолук каалайм. Мен силерге жолукпай, шашып кетсем, адатыңарча таарынбагыла. Буюрса, туз-насип буюрса дагы жолугабыз.
Кат жазганга караганда, көп алдым окшойт
Катымдын соңунда, айылдагыларга бир ооз сөзүм бар. Силерге айылда жашап, айылды гүлдөтүп жатканыңарга чоң рахматымды айтам. Силер болгон үчүн, айылды өстүрүп, жашатып турган үчүн биз ошол жерлерге барып, сагынычыбызды жазып кайтабыз. Ишиңер ийгиликтүү болсун, баарыңарга амандык каалайм!
Саламым менен, айылдашыңар, профессор Миталип Мамытов.