"Шеф, Кемал өлүптүр... Чык, эшикке!". Вайнерлер Кемалдын фанаттарын мыскылдаганда

© SputnikКадр из турецкого сериала Черная любовь (Kara sevda). Фото со страницы Instagram пользователя maru_eva_
Кадр из турецкого сериала Черная любовь (Kara sevda). Фото со страницы Instagram пользователя maru_eva_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сокур сүйүү" (Kara sevda) сериалы башкы каарман Кемалдын өлүмү менен аяктагандан кийин кинонун күйөрмандары интернетте бунт көтөрүп чыгышкан. Бул социалдык тармактарда "соода" кылган вайнерлерге даяр материал болуп шылдыңдап жатып калышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сериалдын фанаттарынын абалын чагылдырган видео, сүрөттөрдү тизмектеди.

1. "Шеф, Кемал өлүптүр! Чык эшикке!". Соңку жумада соцтармактардагы эки трендди айкалыштыра тамашага салышкан.

Публикация от Эл Эмне Дейт?! (@el_emne_deyt) Июн 23 2017 в 6:34 PDT

2. "Нихан сага да эмес, мага да эмес. Ал элдики болот!". Эгер "Сокур сүйүү" сериалы Ошто тартылганда аягы ушинтип бүтмөк экен.

3. Теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева Азиза аттуу курбусу "Сокур сүйүү" сериалын көрүп ыйлаганына жүрөгү ооруганын айтып, автордук жаңылмачын чыгарды. Анын аягы "Сиздер Эмирди жек көрүп даң-даң-даң сабагандардансыздарбы?" деп бүтөт.

4. "Кемал өлдү… Жапчы оозуңду!". Кемалдын фанаттары жашый берип орто жолдо ал кинону көрбөгөндөрдү түйшүккө салгандай.

5. Сериалды жаңыдан көрүп баштаган кыздын реакциясы.

6. Эгер бирөө чыгып "Кемал тирүү экен" деп койсо баары ушинтип сүйүнбөйт беле чиркин.

7. Кинону көрбөгөндөр фанаттардын абалын ушундай сүрөттөп жатышат.

8. Кемалдын өлүмү кыздарды эле эмес эркектерди дагы ыйлатты.

9. "Уктап жаткам, WhatsApp группага "Кемал өлүптүр" деген кат келди. Кемал деген кайсы таанышым бер эле деп карап чыкканча жүрөгүм токтоп кала жаздады. Түн жарымда ушинтип жазганыңар болмок беле? Бет барбы?" деп Мээриша Бакирдинова аттуу колдонуучу ызаланган.

10. — Спинер барбы?
— Жок

— Кемал өлдү?
— Ким ал?

— Анда мага турмушка чык

Жигиттер кыздарды ушинтип тесттен өткөрө баштаптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0