20:35 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева и журналист Эркин Рыскулбеков

Сурабалдиева Эркин Рыскулбековдон интервью алды. Эрте кеткен эркектер, кооптуу карылык

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өзгөчө интервью (7)
270190

Бул сапар саясатчылар журналисттерди кепке тарткан рубрикабызда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева КТРКнын алып баруучусу Эркин Рыскулбековдон маек алды. Сөздү чукугандай таап сүйлөгөн Эркиндин жооптору эл өкүлүн канаттандырганын жашырган жок.

Эльвира Сурабалдиева: —Биздин студияга кош келдиңиз, Эркин мырза. Бүгүн сиз менен маек курсак деген ниеттебиз. Сиз чын дилден, кенен, толук жооп берсеңиз.

Эркин Рыскулбеков: — Аракет кылайын, сиздей болгон инсан өзү суроо берип жатса анан, бир нерсени жашырыш өзү күнөө да.

© Sputnik / Эмиль Садыров
Сурабалдиева алып баруучу Рыскулбеков менен тарбия жана журналисттер жөнүндө сүйлөштү

Э.С.: — Рахмат. Баштаганда эле айым катары суроо салайын деп турам. Кыргызстанда аялдардын жашоосу мырзаларга караганда жеңилби? Мен гендердик сезимталдык деген маселеге көңүл бургум келип жатат.

Э.Р.:— Кимдин жашоосу оор, кыйын болуп жатканын анализге салып айта албайт экенмин. Ооба, көп учурларда аялдардын жашоосу кыйын деп келгенибиз менен, статистикага көз жүгүртсөк, эркектер о дүйнөгө эртерээк аттанып кетет экен. Ага караганда силер көбүрөөк жашайсыңар (студияда күлкү). Кимдики оор-жеңилин айтуудан алысмын, бирок мен үчүн аял — үй-бүлөнүн негизги түптөөчүсү, бүлөнүн ортосундагы өзөгү. Мен үчүн аял биринчи иретте эне, менин апам. Үй-бүлөмдү өлкөнүн кичинекей макети катары санайм. Андыктан, мен өлкө жөнүндө кантип талкуулай алам? Биздин үй-бүлөнү түптөп, анан ынтымагын, берекесин кармап келе жаткан апам. Эне жөнүндө сонун кептер бар эмеспи.

Кырсыктан сактаган тумарым
Кыйшайсам түзөтүп турарым
Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Алдымдан кыйкырып чыгарым.
Менин айтарым ушул.

Э.С.: Азыр коомдо феминизм, гендердик теңдик туурасында көп сөздөр болуп жатпайбы. Буга азыр кандай баа берет элеңиз? Мазмунун кандай чечмелейсиз?

— Ушул маселени жакшы көтөрдүңүз. Коомго келгенде иште, сыртта жүргөндө мунун баарын колдойм. Тең укуктуулук, аялдардын ролу, мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтылганда 100 пайыз колдоп келем. Бирок, мен кыргызмын. Көзү өтүп кеткендигине 14 жыл болгон атам мени ушинтип тарбиялаган. Ошондон бери үйдө анын ордун басып, кожоюн болуп калгам. Ошондуктан апамдын, бир туугандарымдын, алардын балдарынын жоопкерчилигин мойнума алгам. Бул жаатта укук жана теңтайлашуу деген маселелерди көтөрүү мен үчүн кыйыныраак.

Э.С.: — Жеке жашоомдо, үй-бүлөмдө жоопкерчиликти өзүм алам деген сөз да бул?

Э.Р:.— Мен кыргыздын салты менен жашайм (күлүп). Биздин элдик салттарды өзүңүз билесиз.

Э.С:.— Кыргыздын нукура жигиттери көбүнчө ошентип жооп беришет. Жоопкерчиликке келгенде түйшүктү толугу менен мойнума алсам, мен гендердик жакка башкачараак карайм деген сөз.

Жакшы жооп болду деп ойлойм. Эми сөз нугун мен жаңы келген саясат жакка бурсак. Турмушта ар кандай болот экен да. Эгерде Жогорку Кеңешке, чоң бир элдин тагдырын чече турган кызматка келип калсаңыз, эң ириде реалдуу делген кайсы үч маселени көтөрөр элеңиз?

Э.Р:.— Биринчиси кичи жана орто бизнести колдоо маселеси….Бажы тармагын айтайынчы. Андан кирип жаткан товарлардын бардыгына мамлекет кайсы учурда бирдей мүмүнчүлүк түзүп берет? Атка минерлер мыйзамды бузбаганда. Себеби, чиновниктер кайсы бирөөлөргө контрабанда менен киргенге мүмкүнчүлүк берет.

Э.С:.— Өзүнөн баштап..

Э.Р:.— Ал эми экинчилери акыркы салыгына чейин төлөйт. Ошондуктан кай бир ири маркеттерде товар баасы арзан, себеби, ал контрабанда менен келген деп билебиз да. Кээ бир жерлерде кымбат.

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева и журналист Эркин Рыскулбеков во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Депутат "чү" дегенде эле алып баруучуга гендердик теңдик туурасында суроо узатты

Э.С:.— Теңсиздик жок…

Э.Р:.— Конкуренцияда теңсиздик жок деп билебиз. Ошон үчүн менимче бизнести колдоо керек. Экинчиси, кечээ түнү эле Суусамырдан келдим. Ал жерде Кызыл-Ой деген айылда мыкты бир конок үйгө жатып келдим. Ал жердеги эл Соң-Көлгө бара жаткан туристтерди тейлеп, түнөтүп кызмат көрсөтүүнү баштаптыр. Абдан жакты. Мен туризм жаатында Ысык-Көлдөн сырткары болгон туризмге басым жасайт элем. Себеби, пляждык туризм бардык жерде бар… Бул жаатта жасап, ишке ашыра турган көп мүмкүнчүлүктөр колдо экен. Суусамырдын жээгинен канчалаган идеяларды көрүп келдим. Ал жердеги ээн калган эски шахта чет элдик туристтер үчүн квест оюн уюштура турган жер экен. Чырак менен ичине кирсеңиз, жарганаттар кайып учат. Кудум кинодогудай элес калтырат. Ушундай жерлерге кызыккандарды тартсак, жаман болбос эле… 3-маселе, өзүмдүн да тиешем болгондуктан маданиятты өнүктүрөт элем. Себеп дегенде, маданиятсыз адам эч качан экономика жана башка маселелер жөнүндө ойлой албайт экен.

Э.С:.— Резюмеңизди карасам, бир нече жылдан бери радио, теле тармагында жүрүптүрсүз. Сиздин жеке пикириңизде студияда иштеген жеңилби же сыртка аудиторияда, тойлорду алып баруубу?

Э.Р:.— (Күлүп). Ооба. Өзүңдүн жериңде болсоң, маселен, үйдүн дубалдары да колдойт деп коюшат эмеспи. Миң жолу жамандасаңар дагы КТРКнын ыйык студиясы менин үйүм. Мен үчүн менин студиям — ыйык.

Э.С:.— Ал жерден өзүңүздү жеңил сезесизби?

Э.Р:.— Ооба. Мен студиянын ичине киргенде эч ким эч нерсе кыла албайт. Министри болобу, депутаты, президенти болобу…

Э.С:.— Ал жакта мен кожоюнмун деңиз?

Э.Р:.— Каалаган суроомду берип, жоопторун алам. Ал жакта, өз телеберүүмдө мен кожоюнмун.

Э.С:.— Дагы бир суроо… Кызыктар соболдор көп да эми…

Э.С:.— Нукура кыргызмын деп жатасыз. Бизде трайбализм деген түшүнүк бар. Аны көп учурда тескери көрүнүш катары кабыл алат, а сиздин оюңузда кандай болду экен? Жакшы жерлерин санап кете аласызбы?

Э.Р:.— Менимче трайбализмдин жакшы жери — ынтымак, бирин-бири колдоо, тууганчылык, бирге жашоо. Себеби, бир болгондо, топтолгондо күч дагы болот. Салт. Эми ушунчалык сонун салттар бар, биринен бири өтөт. Устукан тартканды эле карабайсыңарбы. Нарында өзүнчө, Көлдө таптакыр башкача. Ал эми диалектилерге көз салсак, бул дагы сонун бир керемет көрүнүш да. Түштүк, түндүк тараптагы сөздөрдү угуп салыштырсаң…

Э.С:.— Үйрөнө турган нерселер…

Журналист Эркин Рыскулбеков во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Саясат дейсиз. 6 миллион эл таберик кылган депутаттык 120 орундун бирин ээлеп алсам, тагдыр кечирбейт болуш керек. Ага караганда, мен учурда телевидениеге көбүрөөк керекмин", — дейт Эркин Рыскулбеков

Э.Р:.— Ооба, үйрөнүп, өздөштүрөсүң. Мисалы, бадабот деген сөз. Менин билишимче, тарыхы төмөнкүдөй экен. Жолдо кетип бара жаткан орусча сүйлөгөн киши жергиликтүүлөрдөн суу сурайт. Үйдөн кесеге куюп сунган сууну тартып жиберип, чаңкоосу канган киши "вода, вот!" деп баш бармагын көрсөтөт. Беркилер, "ии, кесени ушинтип айтышат тура" деп ошондон бери бадабот болуп калган дешет. Ары кызыктуу, ары күлкүлүү окуя. Кыскартып айтсам, албетте, трайбализмдин жакшы жагы да бар.

Э.С:.— Чоңоюп келе жаткан муундарга, өспүрүмдөргө белгилүү Эркин Рыскулбеков кандай үч кеңеш берет эле? Ийгиликтин сыры эмнеде?

Э.Р:.— Эгерде ТВ, журналистика жөнүндө айтсак, эми бул эми менин жеке пикирим. Биринчиден, дарак бир жерден көгөрөт. Аны унутпагыла. Бир жерден өсүш керек. Анан мен алып баруучумун, актермун, психологмун, дизайнермин, анан аналитикмин дегендерден жөө эле качыш керек. Экинчиси, албетте, эмгек жана эмгек. Үчүнчүсү — үйрөнүү. Талыкпай окуу. Бирөөнү туурасаң, туура бирок аны жакшы өңүттө жаса. Анын эмне уяты бар. Жакшыга жанашып, аны туурагандын өзү жакшы нерсе да. Өзүңдүн казаныңда өзүң кайнай берген болбойт.

Э.С:.— Бир нече күн мрда Бишкек калаасында абдан чоң талкуу болду. Жолду кеңейтебиз деп бак-дарактарды кесүүгө аргасызбы деп жатышпайбы?

Э.Р:.— Мен муну туура эмес деп ойлойм. Өткөндө Барселонага барып келдим. Ошол жерден аллеяны көрсөтүп, чоң трассаны велосипедчилер үчүн деп, жаап, бактарды отургузуп, кайра жасап чыгышыптыр. А биз тескери кылып жатабыз. Өзүңүз деле Европада окугансыз, жолдорун жакшы билесиз. Европанын баары бир тараптуу жолдор. Маселен, Кишинев Бишкектен эки эсе кичине шаар, көчөдөн автотыгын көрбөйсүз. Маселен, Манхеттен. Эмне деген аралды жасап коюшкан. Машина токтоткон көп кабаттуу жайлар бар. Маселе жаралган эмес.

Э.С:.— Биздин азыркы мэрибиз (ред. – Албек Ибраимов) ушул интервьюну көрүп, окуп, эсине алат деп ойлойм (күлүп).

Э.Р:.— Ооба эсине алышы керек. Анан экинчиден, сиздер да эл өкүлдөрү жанагы Кайгуул кызматы жолду тосуп, аткаминерлер өздөрү өтүш үчүн…

Э.С:.— Элди күттүрүп коюп…

Э.Р:.— Ооба, элди күттүрүп коюп анан өткөндүн баарын токтотуш керек эле.

Э.С:.— Элге жакыныраак болушат эле дейсизби?

Э.Р:.— Маселен, килейген Москвада Колцевойдун ичинде кечки 10го чейин МКАДдын жүк ташыган ири автоунаалары кире албайт. Биздики жүрөт…

Э.С:.— Анын экинчи жагы бар да, бизнеске таасири?.. андай учурда жолду тороп жатышпайбы?

Э.Р:.— Ап-еей, аларды такыр тыюу салган киши жок, түн ичинде киришсин. Дүйнөнүн, Европанын мамлекеттеринде күндүзү жол оңдоп жатканын көрдүңүз беле? Мен бир да жолу көргөн эмесмин. А биздики кандай?.. Эки бригада иштейт, бири жолду казат, экинчиси ошол чуңкурду жаап кетиши керек. Мен ошол эки топ бири-бири менен сүйлөшүп, иштин ыраатын тактап ала албайт болушу керек деп ойлойм. Жолду казып кетет, ал эми төрт бурчтук болгон чуңкурлар, эки жумалап жамалбай кала берет. Өткөндө, аларды мурдагылар качан ишти баштаарын кийинкилери билип турушу үчүн жок дегенде бир-бирден кошуп, же тигилерди жайыраак казгыла, же буларды тезирээк иштегиле деп айтыш керек окшойт, тамашаладым. Эми бул айла кеткендеги айтылган сөз деңизчи… Бизде каалса оңдой турган, чече турган жолдор көп эле, аны кылбай жатпайбызбы.

Э.С:.— Эми коррупцияга келдик окшойт. Сиздин тармакта коррупция барбы, болсо канчалык деңгээлде?

Э.Р:.— Башкаруучу топ менен инсандарды шайлаган элдин ортосундагы көпүрө ким? Алар — журналисттер. Булар өзгөчө бир ыйык кесипти уят кылган, ыплас нерселерди жасагандар. Сиз да билбей койбойсуз да аны, акча сурагандар же болбосо сен жөнүндө момундай компромат материалым бар…

Э.С:.—…Же жазып коюп туруп, акча сурап, анан жакшы жерин жазып бергендерби?

Э.Р:.— Ооба. Акча сурап чыгарбайм дегендер бар, түрдүү да.

Э.С:.— Кандай гана сонун теманы баштадык (күлдү). Бул да коррупция. Ушуну жоё турган жолдору кандай. Биз мамлекеттик коррупцияны тийбей эле, сиздин тармакты алсак? Кесиптик моралдык жагын көтөрүш керекпи же айлык акысынбы?

Э.Р:.— Акыны көбөйтсө деле, билбейм ал кандай болот. Бул эволюциялык жол менен чечиле турган нерсе го дейм. Акырындык менен келишибиз керек. Мындан 20 жыл мурда раматылык Мелис Эшимкановдун "Асабасынан" элдин баары корккон. Шайлообек байке (акын Шайлообек Дүйшеев – ред.) "Агындылардын" 2-томунда "кабинетинде бекинип туруп эле рейтингдерди өзү чыгарып койчу" деп жазып жатпайбы. Окусаңыз, "Агындыларда" мен Мелис Эшимкановго тургузган эстелигим ушул болсун деп чоң бир глава жазыптыр, ошол жерде бар. Азыр социалдык тармактар дооруна келгендиктен, андай нерселер жазылса бардыгы билинип калып жатпайбы. Бул жогоруда айткандай, эволюциялык жол менен оңолуп кете турган нерселер. Буларды менин өзүмдүн агайым Мелис Эшимканов акын Шайлообек Дүйшеевдин жазганынан улам айтып жатам.

Анан да азыр басылмалардын беттеринде "мыкты эместер жок", "Жылдын мыктылары" деген көбөйүп кетти. Жыл бүтүп жатканда, ар бир гезит, радио "мыкты" деп статуэтканы жасап алып, көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот.

Э.С:.— Ал да сатылабы? (Студияда күлкү) Мага чакыруу келгенде барбаптырмын да, андай болсо эмнеге чакыргандыгын эми түшүнүп жатам.

Э.Р:.— Сатылат дегени кандай, эми… "Сиз жылдын мыкты баланчасы болдуңуз, ушуну бир ресторанда өткөрөт элек, ушуга спонсор болуп койсоңуз" десе, сатылат дегени ошол да.

Э.С:.— Ал коррупциянын цивилдүү жолу да.

Э.Р:.— Мен да Кудайдын парманы менен жылдын мыктысына илинип калгам.

Э.С:.— Эмне сурашты эле? (күлүп).

Э.Р:.— Жок, бизден сурабайт. Эми ал формула да. Жакшы ырчыны кошот, белгилүү инсандарды кошот, анан акчасы барларды да мыкты деп атап коюшат.

Э.С:.— Кайрадан эле кыздар темасына келсек. Кызыңыз болсо, менин жолумду уласын дейсизби же өзүнүн эркине коёсузбу? Кандай ата болор элеңиз?

Э.Р:.— Жок, мен бош кое бербейт болчумун. Азыр деле инилеримди (байкемдин балдарын) бош коё бербейм. Өткөндө кайсыга тапшырарын сурасам, эл аралык мамилелер дейт. Ошол эл аралык мамилелер эмне кыларын билесиңби деп сурасам, жок, элдин баары эле ошого тапшырып жатпайбы дейт. "Көп башымды оорутпа" дедим да, кыйнап, ой-боюна койбой туризм жагына тапшырттым. Бизде туризм деген келечектүү болуп жатпайбы. Эки күн мурда туристтик агенттик менен сүйлөшүп, "ушул менин иним эле, акча төлөбөсөңөр мен төлөп берейин, иштеткилечи, сырт жакты көрсүн, акча кайдан келерин билсин" деп Түркиянын Бодрум шаарына үч айга официанттыкка жөнөтүп жибердим. Көнсүн дедим. Биз да ошентип бышканбыз.

Э.С:.— Анда эркек балаңызды кантип тарбиялайсыз деп сурабай эле коёюн.

Э.Р:.— Ал эми кызымды врач кылмакмын. Биздин үйдө дарыгер жок (күлдү), эми бул жеке пикирим.

Э.С:.— Бизнести колдойт экенсиз, туризм жагын айттыңыз. Эмки суроо – келечекте саясатка барасызбы?

Э.Р:.— Жок. Менден башкалары деле жетиштүү го. Чынын айтсам, абдан деле иштерман эмесмин. Барып алып, алты миллион инсандын, не деген сан бул. Ошончо сандагы адамдар тумар, таберик кылып келген болгону 120 орун бар. Ошонун бирин ээлеп алсам, тагдыр кечирбейт болуш керек. Же кыйратып бир маселесин чечип бербесем. Жеке амбицияларымды өйдө коюп отура бериштин кажети эмне.

Э.С:.— Өзүңүзгө сын көз карашыңыз абдан чоң турбайбы.

Э.Р:.— Жөндүү эле нерсени айттым да эми.

Э.С:.— Ал эми мындай нерсе да, тагдыр жана буйруктан болот турбайбы. Маңдайыңа жазылган нерселерден эч жакка кетпейт да экенсиң да.

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева и журналист Эркин Рыскулбеков во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Алган жоопторуна канааттанган Эльвира Сурабалдиева алып баруучу Эркин Рыскулбековго окшогон жаштар Кыргызстанда көбүрөөк болушу керектигин айтты

Э.Р:.— Сөзсүз. Аныңыз туура. Эгерде менин сиздей билимим болсо, чет жактардан окусам, бизнесте сиздей чоң тажрыйбам болсо, анда балким, барууга бир аз бел байламакмын. Болгон тажрыйбам, тогуз жылдан бери көргөнүм – теле, кадр, микрофон, камера болсо. Азырынча мен телеге керектүүрөкмүн.

Э.С:.— Азыр канча жаштасыз?

Э.Р:.— Жыйырма сегиздемин.

Э.С:.— Анда баары алдыда турбайбы. Негизи улуулардан интервью алганда, жаштарга кандай каалооңуз бар деп сурашат эмеспи. Мен аксакалдар, улууларга, байкелерге, чечим институтуна тиешелүү адамдарга эмне сөз айтар элеңиз деген собол бергим келип турат.

Э.Р:.— Бүгүн эртең менен вотсапптан ушул теманы талкууладык эле. Ал мамлекеттик наамдар туурасында болду. Менин ичим ачышканы ырчы Зейнеп Шакееванын "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген наамды эми алды десе, отурган жеримден кулап кете жаздаптырмын. Ушунча жылдан бери… эже көрсө, Эл артисти эмес турбайбы деп таңгалдым. Ошондон улам, сөздөн сөз чыгып, анан бирөө ушул наамдарды эрте эле, өз учурунда берсе, ага стимул болот эле деп жазды. Адам баласы картайып бара жатканда наам деген мамлекет тарабынан "мен төшүңө орден тагып, медаль бердим, баланча, түкүнчө кылдым, мага каршы сүйлөбөйсүң" деп аркандалгандай болот өңдүү. Анан аскакалдардын дөөлөтү, кадыры, сөздүн калыстыгы жоголот экен, себеби, алардын көбү дагы ошол учурга байланыштуу оозун жабууга аргасыз болуп жатат. Сиз улуулар деп жатпайсызбы, ошондон улам улууларга, кыргыз маданиятынын көрөңгөсүн көтөрүп келе жаткан, кыргыз саясатынын абройлуу кай бир аксакалдарына тилегим бар эле да. Бир тараптуулукту токтотушса, кээ бирлери дежур чал болуп калды го. Ошого кайгырып кетем. Биз алардын калыс сөзүн уксак дейм. Акскалдыгы менен журт башындагы ажогобу, сиздерге – депутаттаргабы, биздей журналисттергеби айтып-дешсин, урушсун, кайылбыз, эч нерсе болбойт. Бирок, калыс болсо.

Э.С:.— Мүмкүн мунун экинчи жагын айта кетсек. Азыркы заманда улууларыбызды жаштар көп сыйлабай, аксакалдар кичүүлөрдү урматтабай калдыбы?.. Маселен, ошол эле парламентте 25 жылдан бери "бийликте отурсам эл сыйлайт" дегениби кеткиси келбейт. А мүмкүн учурунда алардын мамлекетке кылган эмгегин баалап-барктасак, балким, мындай болбойт беле деген ой кетет…

Э.Р:.— Тыйындын эки бети да. Илгери айылда дөөлөттүү бир аксакалдардын айтканы айткандай болчу эле… Мисалы, жамандык болду дейли. Анан сөөктү канча кармоо, жерге берүүдөгү, эми ар кыл маселелер чыгып калат эмеспи. Ошондой учурларда алар чечип койчу эмес беле. Же болбосо "Ташкенттен келе жаткан кудасы келмейинче сөөк коюлбайт" десе, сөз бүттү, эки болбойт. Баары күтүшөт. Эми кандай болду? "Э, ата, сен отура турчу" дейт да, баласы чечет, келини чечет..

Э.С:.— Биз сыйлабай калдыкбы?

Э.Р:.— Ооба, сыйлабай калдык. Бул биздин, жаштардын кетирген чоң катачылыгыбыз. Эгер ошону ушул муун — сиз жана мен оңдоп кетпесек, анда бүттү, ошол боюнча калды.

Э.С:.— Анда биз да улгайганда ошондой мамилеге дуушар болуп калат турбайбызбы…

Э.Р:.— Ошондой "жөн эле отура турчу" деген мамилеге дуушар болсок жакшы, сиз экөөбүз анан Серафимовкадан (Кант шаарындагы карылар үйү – ред.) жолугуп калбасак болду.

Э.С:.— Кудай сактасын (күлүп).

Э.С:.— Ооба, Кудай сактасын. Азыр кеч эмес, токтотпосок, уламдан улам күч алып өркүндөп, баратат.

Э.С:.— Сиздин маек абдан маанилүү болду. Жакты. Көз карашыңыз көп жерден курч болгону менен сизге окшогон жаштар мамлекетибизде көбүрөөк болушу керек. Мага жаккан сапат — орусча айтканда "самокритика" жана реалдуу көз караштарыңыз бар экен. Бар болуңуз.

Тема:
Өзгөчө интервью (7)

Тема боюнча

Азият Жекшеев: мени коркуткан адамдар көп эле болот, бирок жакшы "кароолчум" бар
Лилия Абдыбаитова: ата-энем дудук болсо да, Кудай мага үндү берди
Белгилер:
саясатчы, маек, журналист, Эркин Рыскулбеков, Эльвира Сурабалдиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ