БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда заара ушатып жаткан милиционердин сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкууга алынды.
Instagram социалдык тармагындагы bishpromogroup профилинде жарыяланган сүрөттө милиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле MVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа дагы түшүп калган. Маалыматка ылайык, окуя Гоголь көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрөнүн ортосундагы бөлүгүндө болгон.
Шаардык милициядан Sputnik Кыргызстан агенттигине учурда аталган факты боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.
"Азыр кызматтык териштирүү башталды. Анын жыйынтыгында кызматкерге карата катуу чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактын колдонуучулары коомдук тартипти сактагандар башкаларга ушундай үлгү көрсөтүп жатса, башкалары кантет, милиционерди жазага тартыш керек деген пикирлерин билдиришти.