07:51 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Зыяратчылар. Архив

Кыргызстандык зыяратчыларга Меккедеги бир мейманканадан 1500 орун берилди

© Sputnik / Михаил Воскресенский
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2017 (42)
118 0 0

Меккедеги "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" фондусу былтыр да кыргызстандык зыяратчыларды 1300 орун менен камсыздаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мекке шаарындагы "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" фондусу кыргызстандык зыярат кылуучуларга 1500 орун берилгенин муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, муфтий Максат ажы Токтомушев жана орун басары Жоробай ажы Шергазиев фонд жетекчилери менен жолугуп, 2017-жылдагы кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сауд Аравия падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы "Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр" фондусу кыргызстандык ажылар үчүн 1500 орун берерин айтып, жатаканада бардык шарттар болорун баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2016-жылы аталган фонд кыргызстандык зыярат кылуучуларды 1300 орун менен камсыздаса, "Азия Усто" мекемеси 2385 орун берген. Бул мейманканалар Мекке шаарындагы ыйык "Харам" мечитине жакын жайгашып, ажылардын барып келүүлөрү үчүн кыйынчылык жараткан эмес.

Тема:
Ажылык – 2017 (42)

Тема боюнча

Муфтият ажы башчылар менен келишим түздү
Ажылыктын баасы 160 долларга кымбаттап, 2760 долларды түздү
Белгилер:
мейманкана, зыяратчы, Мекке

ЭҢ МААНИЛҮҮ