БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышып, ачкыч тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы өз сөзүндө чекисттерди жаңы конуштуу болушу менен менен куттуктады.
"Албетте, бул мен үчүн да майрам, анткени башта кандай кыйын болгону эсимде. Биздин күч кызматтары үчүн турак үй кура баштарыбызга көп адам ишенген эмес. Бүгүн күч органдарынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөрдү куруу кадыресе көрүнүшкө айланды", — деди Атамбаев.
Ошондой эле ал УКМК кызматкерлерине жасаган иши үчүн ыраазычылык билдирип, ак ниет менен жасалган ишке жараша атайын кызматтардын беделин арттыруу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган түзүмдөрдү калыптандыруу мүмкүн болгонун белгиледи.