Абдыбаитова менен журналист Гүлдана Талантбекова өткөн-кеткен өмүр, эл тааныткан кесиби, кылчайса эске сала турчу күндөрү тууралуу маек курду.
— Адатта күн сайын эфир, студия деген нерсе сиздики болчу эле. Бүгүн менин маңдайымда интервью берүүчү катары отурасыз? Толкунданган жоксузбу?
— Студиянын ичине көзүң көнүп алгычакты анча-мынча толкундоолор болот. Сиздердин радионун ичин кичинекей, эмгек жамаатыңыздарды чакан элестетиптирмин.
— Негизи иш үстүндөгү толкундоолорду жеңдиңизби?
— Биздин убакта толкундоолор башкача формада болот экен. Жаңы долбоорду биринчи жолу эфирге алып чыгып жатканда сүрдөйм. Толкунданууну ишиңдеги кемчилик эмес, жоопкерчилик катары кабыл алам.
— Лилия эже, биринчи жакшылык эстен кетпейт эмеспи. Эң алгачкы эфириңиз эсиңиздеби, ал кандай өттү эле?
— 1999-жылы 30-декабрда "Кыргызстан обондору" радиосунун "Ыр дүкөн" аттуу куттуктоо программасына чыккам. Алгач аябай сүрдөп, аркасынан үнүм титиреп, ырчылардын аттарын жаңылып айтып алып жаттым. Бирок угармандар, жетекчилик түшүнүү менен кабыл алып, колдоп кетишти. Азыр эфирге жаңы чыккан балдарды түшүнүү менен кабыл алам. Келе калып жылдыз болуп кетүү деген болбойт.
— Радио тармагына кантип келип калгансыз?
— Стажировкада канча убакыт жүрдүңүз. Адатта стажировка айлап-жылдап созулуп кетчү эле?
— Башында 3 ай болот деп айтышкан. Бирок, бир айдан кийин эле жумушка алышты.
— Анан айдын этегинде канча акча чыгарып беришти?
— Эң алгачкы айлыгым 1700 сом болгон. Ал кезде студенттердин стипендиясы 100 cом болчу. Эсимде бухгалтер колума 1700 санап бергенде чочуп, "ушулбу" десем, "эмне болду, аз бекен" десе, "жок, көп экен" дегем (күлүп). Кесиптештерим биринчи айлыкты таттуу алып ооз тийиш керек, карыздарга таратпай түнөтүш керек деген кеңештерин беришкен. Азыр дагы бул ырым-жырымдарды карманам.
— Бир убактарда "Кыргызстан Обондору" радиосунда иштебей калдыңыз окшойт?
— Ал маалда жумушта кайсы бир жагдай боюнча териштирүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу жумуштан четтетилгем. Ошол кездеги жетекчи катары оор жагдайларды изилдеп чыккычакты жумуш издеп уюлдук компаниялардын бирине киргем. Учурда эки жумушту бирге алып кетип жаткан учурум. Иш графигин макулдашып алганбыз.
—Радио өзү эле кызык дүйнө. Кандай кызыктуу, таң калтырган учурларга кабылып жүрөсүз?
— Кесиптешим экөөбүз программаны алып барып жатсак талант дегенди айта албай улам эле "таналт" дегенинен, ушуну да айта албайсыңбы деп аябай шылдыңдагам. Анан эле түз эфирден "Бишкекте саат тогуз" деп айтам деп жатып, "Пишпекте саат тогуз" деп алдым. Ошон үчүн шылдыңдагандан алыс болуш керек экен деп ойлоп калдым.
Угармандарды тамашага салган учурда сөгүнүп, орой сөздөрдү айтып салган учурлар болот. Макулдашылган ырды берейин деп жатса, такыр эле башка чыгарманы сурап салышат. Кандай гана учур болбосун алып баруучу абалдан чыгып кетүүнү билиши керек.
— Конокко чакырсаң кечигип келгендер да көп болсо керек?
— Түз эфирге жок дегенде 15 мүнөт эрте алып келгенге аракет кылабыз. Жарым саат кечиккендер болсо баш тартканга туура келет. Мындай учурда алдын ала башка конокту даярдап коесуң. Айрым учурда респондент менен маектешүүгө чукул маалыматтарды издештирип отурсаң, жоопкерчиликтүүбү же жокпу деген сурооңо жооп таба аласың.
— Жоопкерчиликсиз коноктор менен иштешпей коюшат деп дагы угуп калабыз?
— Чакырган адам үчүн аудиторияны чогултуп турсаң, ал адам жоопкерчиликтүү болбосо, сен кийинки программаларга чакыргандан кооптонуп каласың. Көбү себебин түшүндүрүшөт же мени эмнеге чакырбай калдыңар деп күнөөлөрүн сезишет.
— Айрым ырчылар "радиого ырыбызды берсек койбой жатышат же соодалашышат" деп айтып калышат?
— Негизи угармандын ырга болгон талабы кандай?
— Ар кандай ырларды суранышат. Айрым радиолордун аудиториясынын чакан болгондугу алар үчүн жеңил. Радионун форматы бир гана жаштарга багытталган болсо сен ошол өзгөчөлүктү гана кармап турасың. Биздин радионун аудиториясы чоң болгондун себеби улуу да, кичүү да муундун талабына ылайык чыгармаларды тартуулаганга аракет кылабыз. Бирок баарына тегиз жагуу мүмкүн эмес.
— Радиодон таң эрте программаны алып барасыз. Эртең менен үндүн ачылышы азап деп айтышат?
— Таң атпай 5:30да туруп, алтыга чейин жуунуп-таранып, тамактанам. Ысык чайды ууртагыча үнгө карата көнүгүүлөрдү жасайм. Эң башкысы чарчабашың керек.
—Үнүңүздү сакташ үчүн кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү колдоносузбу?
— Муздак, кургак тамак аштардан оолак болгонго аракет жасайм. Дикторлордо үндүн жоголуп кетүү коркунучу сакталган оору болот. Бул тууралуу бир профессор менен сүйлөшүп калсам кадимки сабизди бүкүлү же майдалап соруш керек деген кеңешин берген. Башкаларга да бул кеңешти сунуштайм. Кесиптештериме айтсам "Лилия, сен бир башкача профессорго барган окшойсуң" деп шылдыңдашкан.
—Күлкүңүзгө да суктангандар көп болсо керек?
— Мени негизи үнүмө караганда күлкүмөн көп таанышат. Элге жаккан нерсе сага да жагат экен.
— Көптөр радио тармагында иштөөнү самашат. Ди-джей болом дегендерге кеп-кеңештериңизден айта кетсеңиз?
— Көп сүйлөөктөрдөн жакшы алып баруучу чыгат деп ойлоп алышат. Мындай кабыл алуу туура эмес. Орду менен сүйлөгөн, сөз баркын билген, маалымат менен иштеше билген, ишине берилген, кызыккан адамдан жакшы алып баруучу чыгат деп ойлойм. Илгери тили так эмес, сүйлөөсүндө кемтиги бар адамдарды радиого чыгарбаса, азыр тескерисинче кемчиликти реклама катары чыгаргандар бар. Мунун баары маркетингдин таасири.
— Каршы болбосоңуз жеке жашооңуз тууралуу да сүйлөшөлүбү?
— Макул, болот.
— Азыр уулуңузду жалгыз тарбиялап жатканыңызды билебиз. Кайрадан турмуш курайын деген ойлор болдубу?
— Кааласаң-каалабасаң дагы аялзаты үчүн биринчи орунда үй-бүлө болушу керек. Биз бала бакканга, үй-тиричиликке көңүл бөлүп, жолдошуңду кароо үчүн жаралганбыз. Миң кыйын болгон айымдын бирөөсү дагы мындай бакыттан баш тартпайт. Андыктан мен дагы болочок жолдошумду издөөдөмүн. Он жылдан бери таппай жүрөм. Же мен жакшы издебей жатамбы билбейм (күлүп). Негизи көбү чыгармачыл адамдар менен мамиле түзгөндөн коркушат. Бир чети туруксуз келет деп ойлошот. Экинчи жагынан күйөрмандарыңдын болгону ага кызганыч пайда кылат. Мен мырзалар менен таанышканда өзүм тууралуу көп айткым келбей жашырам.
—Тынар байке (ред.Курбаналиев) менен ажырашууңузга эмне түрткү болду?
— Уулу менен сүйлөшүп, кабар алып турабы?
— Ооба, мен эч кандай тоскоолдук кылбайм. Эмирдин эң жакын адамы — атасы.
— Ушул убакка чейин колуңузду сурагандар болдубу?
— Сүйлөшүп жүргөндөр болду. Балама ата болуп, коомчулукка белгилүү айым экендигимди билип, ошонун баарын көтөрүп кете алам деген жоопкерчиликтүү мырза болбогону үчүн жалгыз жүрөт болушум керек деп ойлойм.
— Болочок жолдошуңуз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
— Мээримдүү, бала менен тил табыша билген, жоопкерчиликтен качпаган адам болушу керек. Эң башкысы ал үйдө кожоюн болушу керек. Мен күчтүү көрүнгөнүм менен үй-бүлөдө назик болгум келет.
— Интервьюларыңыздан үй-бүлөдө жалгыз кыз деп окудум эле?
Учурда уулум менен өзүнчө турам. Ажырашкандан кийин уулума мүлк болсун деп үй сатып алгам. Ата-энем балам окуган мектептин жанында соода кылышат. Кудайдын буйругу экен. Ата-энем экөө тең кичинекей чагында кырсыктап дудук болуп калышкан. Кийин интернаттан таанышышыптыр. Аларга бербеген үндү кудай мага берген экен деп ойлоп калам.
— Ата-энеңиз радиодо иштээриңизди билеби?
— Билишет, бирок уга алышпайт. Алар соода кылган мектептин жанындагылар "кызыңарды билебиз, үнү сонун" деп жаңсап, кагазга жазып беришет экен. Эне катары балаңды мактап жатса, төбөң көккө жетээрин жакшы билем. Алар жетпеген нерсени мен тартуулайын деп ниет кылам.
— Алдыда кандай ой-максат пландарыңыз бар?
— Биринчиден турмушка чыгып, балалуу болгум келет. Экинчиден радиодо чоң долбоорлорду ишке ашырып жаңылык киргизүү. Үчүнчүдөн топтогон тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүүнү каалайм.