Бишкекте Фучик көчөсүндөгү темир жолдун үстүнөн өтчү эстакадалык көпүрө курулат

Жазылуу
"Дыйкан" базарына көпчүлүк учурда жүк ташуучу унаалар кирип чыккандыктан, жолдо тыгындар пайда болуп, Ленин районунун тургундарына тоскоолдук жаратып келет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Дыйкан" базарынын аймагында Фучик көчөсү менен өткөн темир жолдун үстүнө эстакадалык көпүрө салынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

© Sputnik / Данияр СандыбаевАким Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев на пресс-конференции в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Аким Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев на пресс-конференции в пресс-центре Sputnik Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан
Аким Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев на пресс-конференции в пресс-центре Sputnik Кыргызстан

Көпүрөнү кытай грантына куруу пландалып жатат.

Тынаевдин айтымында, "Дыйкан" базарына көпчүлүк учурда жүк ташуучу унаалар кирип чыккандыктан, жолдо тыгындар пайда болуп, Ленин районунун тургундарына тоскоолдук жаратып келет.

"Көпүрө темир жол менен Лев Толстой көчөлөрүнүн үстүнөн өтөт. Фучик көчөсү магистралдык жолго айланып, эми айдоочулар шаардын түштүк бөлүгүнө өтүш үчүн Манас проспектисине баруу зарылдыгы жоюлат. Мындан тышкары, аталган райондогу жол тыгындарын азайтууга жардам берет", — деди аким.

Бул аймактагы жол жылуулук түтүктөрүн жана канализацияны алмаштыруу менен кайрадан курулат.

Ошондой эле "Дыйкан" базары убактылуу ишин токтоору дагы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0