00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Комбайнчы Жамиля апа: аял башы менен жөн эле жүрбөйбү дегендер болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековНарындык комбайнчы Жамиля Тойчубекова маек учурунда
Нарындык комбайнчы Жамиля Тойчубекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пайгамбар жашындагы Жамиля Тойчубекова 3-4 жылдан бери комбайн жана трактор айдайт. Өзү Жумгалдын Эпкин айылынын тургуну, бир кыз, бир уулу бар.

Жамиля апа тууралуу укканда эле дароо өзүнө жолугуп, маектешүүнү чечтим. Телефонуна чалсам, жумуштары менен Бишкекке келгенин айтып, интервьюга сылык-сыпаа макул болду. Чынын айтыш керек, мен эмнегедир жоолукту алдына байлаган, жай баскан апаны күткөм. Тосуп алайын деп сыртка чыга калсам, алыстан эле жылмаюсу көрүнгөн Жамиля апа шашкалактап жол чырактан өтүп келатыптыр.

Өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн, шайдоот адам экен. Ошентип ал Sputnik Кыргызстан агенттигине кандайча комбайнчы болуп калганын айтып берди.

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖамиля Тойчубекова: бир нече жыл мурда дагы жаңы техника алып, иш кылайын десем, тегерегимде көрө албас, ичи тарлар пайда болду. "Аял башы менен жөн жүрбөйбү, мынча акчадан кутула албай калса эмне болот?" деген сөздөрдү угуп, тескерисинче, чыйралдым
Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Тойчубекова: бир нече жыл мурда дагы жаңы техника алып, иш кылайын десем, тегерегимде көрө албас, ичи тарлар пайда болду. "Аял башы менен жөн жүрбөйбү, мынча акчадан кутула албай калса эмне болот?" деген сөздөрдү угуп, тескерисинче, чыйралдым

— Комбайн, трактор айдап калышыңызга эмне түрткү болду?

Өтүкчү аял Татьяна: 32 жылдан бери өтүк тигип үй-бүлөмдү багып келем - Sputnik Кыргызстан
Өтүкчү аял Татьяна: 32 жылдан бери өтүк тигип үй-бүлөмдү багып келем
— Союз учурунда сатуучу болуп иштечүмүн. Кийин СССР кулагандан кийин элдин жумушу жок, эмне кыларыбызды билбей отуруп калбадык беле. Жан багуунун, бутка туруунун ар кандай жолдорун издеп жүрүп, 1996-жылы туугандарыбыз менен биригип, "Чынар" үрөнчүлүк кооперативин ачтык, мен жетекчи болдум. Мамлекеттен насыя алып, бир нече техника сатып алдык. Туугандарыбыздын 15 гектар үлүш жерине дагы 50 гектар жерди ижарага алып коштук дагы, аны иштете баштадык. Албетте, башында азабын тарттык. Буудай арзан жылдары такыр эле киреше көргөн жокпуз. Бирок көкбеттенип иштеп жүрүп, акыры кийинки жылдары эмгегибиздин үзүрүн көрө баштадык. Азыр баары кудайга шүгүр. Бир нече жыл мурда дагы жаңы техника алып, иш кылайын десем, тегерегимде көрө албас, ичи тарлар пайда болду. "Аял башы менен жөн жүрбөйбү, мынча акчадан кутула албай калса эмне болот?" деген сөздөрдү угуп, тескерисинче, чыйралдым. Намыстанып туруп, трактор, комбайн айдаганды да үйрөнүп алдым.

— Ким үйрөттү?

— Кооперативибизде Кубан деген комбайнчы жигит бар. Үйрөнөм деп чечкенде, дароо эле барып ага айттым. Биринчи трактордун рулуна отурдум. Аны өздөштүргөндөн кийин гана комбайн айдай баштадым. Комбайнды башкаруу оорураак экен. Бирок азыр аны айдагандан кадимкидей ырахат алам. Жаш кезиме кайра алып барып койсо, ошондо эле трактордун окуусун окуп алмак экемин деп ойлонуп коем.

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖамиля Тойчубекова: азыр жабдыктар боюнча жакшы билип калдым, кайсынысы сапаттуу, кайсынысы Кытайдыкы экенин жазбай тааныйм. Базарда иштеген балдар да мени таанып, "апа келди" деп калышат
Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Тойчубекова: азыр жабдыктар боюнча жакшы билип калдым, кайсынысы сапаттуу, кайсынысы Кытайдыкы экенин жазбай тааныйм. Базарда иштеген балдар да мени таанып, "апа келди" деп калышат

— Техниканын бузулуп калган жерлерин өзүңүз оңдой аласызбы?

— Ооба, жумуш көптө киши жетишпей калат. Анда эч кимди карап отурбайм. Керектүү жабдыктарды да өзүм Бишкекке барып, "Кудайберген" базарынан алып кетем. Азыр жабдыктар боюнча жакшы билип калдым, кайсынысы сапаттуу, кайсынысы Кытайдыкы экенин жазбай тааныйм. Базарда иштеген балдар да мени таанып, "апа келди" деп калышат.

— Сиз алгач комбайн айдап чыкканда эл кандай кабыл алды?

— Таң калгандар болду. Башында эл алдына чыккандан өзүм уялып жүрдүм. Кийин көнүп кеттим.

— "Трактор айдайм" десеңиз балдарыңыз эмне деди?

— Колдошту. Алар менин кылган иштерим менен сыймыктанышат. Негизи эле өзүм Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокованы идеал тутам. Ошол экөө сыяктуу ак эмгегим менен тарыхта калсам деп кыялданам.

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖамиля Тойчубекова: негизи эле өзүм Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокованы идеал тутам. Ошол экөө сыяктуу ак эмгегим менен тарыхта калсам деп кыялданам
Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Тойчубекова: негизи эле өзүм Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокованы идеал тутам. Ошол экөө сыяктуу ак эмгегим менен тарыхта калсам деп кыялданам

— Айылда талаа жумуштары кайнап турган чагында техника жетишпей, тракторчулар күнү-түнү иштеген учурлар болот эмеспи. Сиз дагы ошентесизби?

— Акыркы жылдары жаңы техника сатып алгандар көбөйө баштады. Бирок дагы деле трактор, комбайндар тартыш. Сезон учурунда түнү менен болбосо дагы түнкү саат бирлерге чейин иштеген учурлар болот. Чөбү катып же буудайы бышып кеткен дыйкандардын убалына калбай, баарылап жардам беребиз.

— Жазгы талаа жумуштары башталайын деп калды. Азыр техникаңыз даяр элеби?

Асель Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик пенсионер кантип мугалимдерди Москвага өз эсебинен алып барып калды
— Бир трактор керек болуп, Бишкекке ошон үчүн келгем. Бир фирманын 120 аттык күчү, беш корпустуу сокосу менен трактору бар экен, заводуна барып көрдүм. Аны насыяга алалы деп документтерди тапшырганбыз. Эми мурдагы алган кредиттерди кечигип төлөгөнсүңөр деп бербей жатышат. Канча кечигиптирмин деп текшертсем, проценттерин төлөгөндө 1-2 күн кеч төлөп калган учурлар болуптур. Талаада иштеп жүргөндө унутуп же бошобой калган учурлар болот да. Ал күнөөмдү мойнума алып жатам. Бирок жыйынтык жок. Силердин сайт аркылуу өкмөттөн суранарым — өз жанын өзү багып жаткан дыйкандардын ушундай майда-барат катачылыктарына көз жумуп койсо болбойбу?

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖамиля Тойчубекова: айыл-чарбанын келечеги алдыда. Башка өлкөлөрдү айтпай эле, Кыргызстандын өзүнө тамак-аш импорттобой, өзүбүз баарын өстүрсөк, дыйкандар жыргап-куунап жашаганы турат. Болгону ичи тарлык менен жалкоолуктан арылыш керек
Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Тойчубекова: айыл-чарбанын келечеги алдыда. Башка өлкөлөрдү айтпай эле, Кыргызстандын өзүнө тамак-аш импорттобой, өзүбүз баарын өстүрсөк, дыйкандар жыргап-куунап жашаганы турат. Болгону ичи тарлык менен жалкоолуктан арылыш керек

— Сиз оптимисттик көз караш менен айыл турмушун жакшыртууну каалайт экенсиз. Ал эми жаштар жумуш жок деп качып калышты…

— Айылда жумуш жок дегенде мен такыр кошулбайм. Россия, Казакстанга кетип, бир бөлмө үйдө он чакты киши болуп жашаган мигранттарыбызга дагы боорум ооруйт. Кыргызстанда жер кенен, топурагы алтын, абасы, суусу таза. Эмгектенүүдөн коркпой эле бир ишти баштасаң, акыры үзүрүн көрөсүң. Айыл-чарбанын келечеги алдыда. Башка өлкөлөрдү айтпай эле, Кыргызстандын өзүнө тамак-аш импорттобой, өзүбүз баарын өстүрсөк, дыйкандар жыргап-куунап жашаганы турат. Болгону ичи тарлык менен жалкоолуктан арылыш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0