20:33 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек

Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
75020

Талантбек Батыралиев маркумду союу милдеттүү процедура катары киргизилиши зарыл деп эсептейт. Муну менен бирге өлкөдөгү фармакологиялык бизнес калк алдында отчет берүүсү керек экенин айтат. Угуп отуруп Батыралиев агымга каршы сүзүүдөн коркпогон адис экенин билүүгө болот.

Сыр ачайынчы. Ар бир маектен кийин маектешимди баарлашуубуз абдан кызыктуу болду деп узатчу элем. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менин бул сөзүмө ишенген жок. Анткени, мен чынымды айттым эле…

Кардиохирург Батыралиевдин колунан 150 миңге чукул бейтап өттү. Салыштыруу үчүн айтсак, бул Лейлек районунда жашаган калк санынан көп көрсөткүч.

— Мен медицина темасына байланыштуу жазганды көп жактыра бербейм. Көп нерсе акча келип такалат да, баягы эле туңгуюкка кептелет. Демек, маселенин чечилиши күмөн. Министр болордо алдыдагы кыйынчылыктардан кооптонгон жоксузбу?

— Буга чейин 23 жыл Түркияда жашап, клиникаларды жетектегем, көп өлкө менен иштештим. Бирок Кыргызстанда болуп жаткан башаламандык оюман кетпей койду.

Күнүгө эртең менен мага жок дегенде бир кыргызстандык чалып, каякка барып дарылануу керектигин сурап турчу. Алгач буга башымды оорутчу деле эмесмин, анан бир күнү бул менин жумушумдун ажырагыс бөлүгү болуп калганын түшүндүм. Эл жөнөкөй операция жасатуу үчүн да чет жакка барууга аргасыз болуп калыптыр. Бул системадагы олуттуу көйгөй бар экенинен кабар берет.

Корккон жокмун: биздеги медицинанын абалы мышык ыйларлык. Азыр аракет кылсаң да мындан жаман кыла албайсың. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Талантбек Батыралиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев: биздеги медицинанын абалы мышык ыйларлык. Азыр аракет кылсаң да мындан жаман кыла албайсың

— Журналисттер жардам сурагандар менен көп кездешет. Менин баамымда, ар бир экинчи адам Түркиядан бөйрөгүн алмаштырып келүү үчүн акча чогултуп жаткан болот. Бул болжол менен 50 миңдей доллар экен. Кыргызстанда мындай операциялар өтө сейрек жасалат. Мындан тышкары, бизде бейтапка анын жакын тууганынын гана бөйрөгүн салууга уруксат берилип, өлгөн адамдын органдарын пайдаланууга тыюу салынган. Эмне үчүн? Бул система дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат эмеспи?

— Коомчулук тарабынан эч кандай колдоо жок. 2001-жылы мен биринчи жолу "өлгөндөн кийин органдарымды мураска калтырам" деп айткам. Бирок бул жөнүндө ойлонгон адам жок. Дүйнө жүзүндө төбөсү көрүнгөн адамдар бул процессти колдоп келгендиктен трансплантология жолго коюлган.

Ал эми бизде муну түшүнүшпөйт. Бирок трансплантацияга жакшылап көңүл бөлүнмөйүнчө элибиз мындан ары деле ары-бери чуркап, акча издейт, сурайт, алыс жактан операция жасатуу үчүн бардык — моралдык да, материалдык да кыйынчылыктарга кайыл болуп жүрө берет.

Ооба, эки жылдын ичинде гемодиализге кезек күткөндөрдү азайта алдык. Бирок ооруга жаңыдан кабылгандар бар да. Гемодиализден гемодиализге чейин жашагандар бар. Кудай берген бөйрөк менен жасалма бөйрөктүн айырмасы чоң эле.

— Трансплантацияга уруксат берип койсо адамдардын уурдалышы көбөйөт деп да коркутуп жатышпайбы?

— Көчөдөн кетип баратып эле алдыңан чыккан бирөөнүн бөйрөгүн алып алмак беле? Каныңдын тобу төп келсе эле ошол адамдын бөйрөгү сага дал келет деп айтууга болбойт. Бир топ анализ тапшырылат.

Анын үстүнө органдар таптакыр башкача шартта алынат. Профессионалдык аппаратура, кесипкөй дарыгерлер зарыл.

Түркияны алалы. Мусулман өлкөсү экенин утунпайлы. Ал жакта орган алмаштырам деген адамдардын реестри бар. Коомчулук кезекти электрондук система менен көзөмөлдөй алат. Бир нерсени өзгөртүп ийүүгө, бирөөнү алдыга жылдырып ийүүгө жол жок. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Талантбек Батыралиев подписывает один из документов в рамках официального визита Путина
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Министр Батыралиев жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча Россия менен түзүлгөн Меморандумга кол коюп жатат

Трансплантация тууралуу коркунучтуу жомокторду айткандар өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдар деп ойлойм. Органын алмаштырууга муктаж болуп турган адамдын дарылануусуна оголе көп акча керек, дары-дармек зарыл. Мындай илдеттер көп акча алып келет.

Мен трансплантация тууралуу көп эле айтып келем, кулак салган киши жок. Демек, коомчулук буга даяр эмес. Бул жөнүндө сөз кылуу — маселени чечүү дегендикке жатпайт.

Азыр системага каршы иштеп жатам. Мисалы, 25 жыл аралыгында дарыкана бизнеси жеке менчикке өтүп кеткен. Албетте, алар өз чөнтөгү үчүн иштейт. Мындай шартта калктын аялуу катмары үчүн дары-дармектин баасын арзандатуу деген ишке ашпас кыял боюнча калат.

Бирок Кыргызстанда жасалма дары-дармек деген толтура. Базарларда жерде сатылып жаткан дарыларды баарыбыз эле көргөнбүз да. Мындай болбошу керектигин, мунун баарына министр жоопкер экенин да баарыбыз билебиз. Бирок мен эмне кылышым керек? Баш кесер жалдаймбы? 

Демек, тартип-эрежени өзгөртүү зарыл. Биз өтө кыйынчылык менен үч мыйзам долбоорун киргиздик. Дары-дармек жана медициналык каражаттар боюнча бирдиктүү базаны киргизип жатабыз. Башкача айтканда, дары кыргыз бажысынан өтөрү менен белги коюлуп, аны менен аталган дары кай жерде сакталганын, кайсы дарыканага түшкөнүн, кайсы дарыгер жазып бергенин билүүгө болот. Мындай аракет доктурлардын фармакологиялык компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алуусуна бөгөт коет.

Дары-дармек реестри боюнча айрым тоскоолдуктар жаралууда, биз белги коюу системасын тандап алышыбыз керек болуп жатат. Россиялык жана европалык түрү бар. Ал эми медицинадык каражаттар боюнча система иштей баштады. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сайтына кирип көрүүгө болот. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Талантбек Батыралиев во время передачи лекарств, купленных на деньги, собранные на благотворительном мероприятии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Профессор кайрымдуулук концертинен түшкөн акчага рак менен ооруган балдар үчүн сатып алынган дары-дармекти кабыл алууда

— Америкалык тасмаларда эл көп чектеги суммага көп көңүл бөлбөйт. Баарынын камсыздандыруусу бар, ал бардык чыгымды жаап коет. Биз деле ошондой кылсак болобу?

— Мен чет өлкөдөгү саламаттык сактоо системасын кинодон эмес, ичинен билем. Баары эле сиз айткандай шумдук эмес. Ооба, мамлекет тарабынан камсыздандыруу бар, ал анча-мынча гана чыгымды жабууга жетет.

Ал эми жеке менчик камсыздандыруу алдан канча кымбат. Бирок жалпысынан алганда бул жакшы нерсе: камсыздандыруу акчасын элдин баары төлөйт, бирок айрымдар гана ооруйт да, бири-бирин толуктап турат. Бирок Кыргызстанда унааны жана турак жайды камсыздандыруу аракети ишке ашпай калды, демек буга азырынча биздин коомчулук даяр эмес.

Бейтаптын дарылануусуна акча чогулткан активисттерден ал адамдын сүрөтүн жайгаштырбоосун өтүнөт элем. Бул туура эмес жосун. Албетте, кээде эмоциядан чыга албай калган учурлар болот. Эсиңизде барбы, бир мезгилде энелердин ымыркайларын таштап кеткен учуру арбып кеткен. Мен ымыркай кутучаларын (бэби-бокстарды) уюштурууга чакыргам.

Бирок андан кийин бул көйгөйдү иликтеп жатып, мындай чара ташталган ымыркайлардын санын көбөйтүп жиберерин түшүндүм. Статистика боюнча мындай кутучалары бар мамлекеттерде ташталган наристелер көп экен. Кичинекей кыйынчылык болсо балдарын таштап баса бергендер бар. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Талантбек Батыралиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда окуу жайды бүткөндөн кийин дагы 1-2 жыл окуп эле дарыгер болууга мүмкүн. Ал эми башка өлкөлөрдө беш жылдан 10 жылга чейин окууга туура келет

— Баса, дарыгерлердин кесипкөйлүгүнө да бир топ сындар айтылып келет…

— Кыргызстанда окуу жайды бүткөндөн кийин дагы 1-2 жыл окуп эле дарыгер болууга мүмкүн. Ал эми башка өлкөлөрдө беш жылдан 10 жылга чейин окууга туура келет.

Эсимде, 1994-жылы Түркияга Кыргызстандан 2000 студент келген. Алар сууга жаңы кое берилген балыктай эле болушту. Тил билишпейт, акчасы жок.

Ошол маалда биздин элчиликтен бирөөсүн ооруканага жаткырып, экинчисин чыгарууга жардам сурап мага көп кайрылышты. Ошондо кызматкерлердин бири "студенттерди бул жакка алып келүү оңой, бирок мекенге кайтаруу кыйынга турат" деп айтканы бар.

Учурда дарыгерлерди мекенге кайтаруу механизми Казакстан, Россия жана Өзбекстанда жакшы иштеп жатат. Алар медиктерди батир, социалдык пакеттер менен камсыздашууда. Бир караганда жергиликтүү дарыгерлер үчүн акыйкатсыз мамиле жасалып калгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок экинчи тарабынан алганда булар эки бөлөк адистер. 

Экс-министр труда и социального развития Кудайберген Базарбаев и министр здравоохранения Талантбек Батыралиев приняли участие в акции сдачи крови
пресс-служба Минсоцразвития КР
Министр рак менен ооруган балдар үчүн кан тапшырып жатат

— Кыргызстанда адамдын сөөгү туугандарынын макулдугу менен гана өлүкканага берилет. Бирок көпчүлүк эле аны каалай бербейт. Ошентип бейтап эмнеден улам каза болгондугу сыр бойдон калат. Дарыгерлер туура же туура эмес диагноз койгонун билбей калып жатса, билимин кантип жогорулатат?

— Маркумдун туугандары арызданбаса дарыгер жакшы иштеди дегенди билдирбейт. Батышта каалайсыңбы, каалабайсыңбы сөзсүз түрдө оорунун тарыхы анализден өткөрүлүп дарыгерге баа берилет.

Өлүм фактысы мыйзам түрүндө күбөлөр менен ырасталышы керек. Бизде болсо жаран үйүндө каза болуп калса анын тууганы "мен адамды көөмп койдум, справка бергиле" деп келишет. А мен кимди ким көмгөнүн кайдан билем?!

"Министр болгондон кийин бир нерсе кылыңыз да" деп айтышыңыз мүмкүн, бирок бул бир чоң система болгондуктан аны бир күндө өзгөртүп салуу мүмкүн эмес.

Негизи көпчүлүк көйгөйлөрдү биз өзүбүз жаратабыз. Жай келген сайын инфекциялык бөлүмдөргө бейтаптар толуп, оорулуулар коридорго жатып калганына бизди айыптап келишет. А буга ким күнөөлүү? Таза кол, таза суу, таза тамак болсо эле маселе чечилмек!

Көптөгөн шаарларда төрт миллион элге 100 керебет көптүк кылса, бизде мынча адамга 1000 керебет туура келет. Эң жөнөкөйү — гигиенаны сакташ керек. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Талантбек Батыралиев во время встречи с Алмазбеком Атамбаевым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев президенттин кабыл алуусунда

— Эми бул идеалдуу учур да. Эгер бардык айдоочулар жол эрежесин сактаганда кырсык катталмак эмес.

— Туура! Биз болсо мамлекетти күнөөлөп отурабыз. Мамлекет — бул сиз жана биз. Медицинаны кантип реформалайбыз? Ал үчүн шайлоо учурунда иштей ала турган адамга добуш берүү керек.

Саламаттык сактоо тармагы — бул экономиканын 10 жылга кечиккендеги көрүнүшү. Мисал келтирейин, 1972-жылы Түркияда экономикалык ири реформа жүргүзүлдү. Ал эми медицина тармагы он жылдардан кийин гана калыбына келди. Мындай өзгөрүүдөн кийин жарандардын өмүрүнүн узактыгы алты жылга өсүп, эне-бала өлүмү жокко эсе болуп баратат. Учурда алар дүйнө медицинасынын алдыңкы катарын ээлеп турат.

Бүгүн чет элдик инвестор менен сүйлөштүм. Ал мага "жаз келди, саясий окуялар башталып кетиши мүмкүн. Сиз ордуңузда эле каласызбы?" деген суроо узатты. Көрдүңүзбү, саясат чет элдиктерди дагы кызыктырып калган.

Жаңы башчы келген сайын системаны өзгөртө баштайт. Негизи жалпы линия бирдиктүү болуп, жаңы келгендер аны улантышы керек. Медицинаны бүгүн бекер, эртең акы төлөөчү кылып өзгөрткөн болбойт. Биз саясий стабилдүүлүк үчүн күрөшүшүбүз керек.

Маек орус тилинен которулду

Тема боюнча

Офтальмолог Мамытова: көзү агып түшүп калган ырчыны эстесем, жүрөгүм ооруйт
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
Укалоочу Усенбаев: мен иштеп жатканда кардарларым коңурук тартып уктап кетет
Белгилер:
морг, гигиена, саясат, медицина, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Талантбек Батыралиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ