Диетолог Иманкулова: арыктоонун бир гана формуласы бар...

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-диетолог Бактыгул Иманкулова
Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар, кызгалдактар, жаз келди! Оо... эми эшикке эмне кийип чыксам деген көйгөй жаралат. Былтыр алган шымың балтырдан өтпөй калса, көйнөгүң көөдөндөн ашпай калса, демек бул кышты кыштай кыймылдабай, тамакты күүлөп жегендин кесепети.

Врач-диетолог Бактыгүл Иманкулова журналист Гүлдана Талантбековага арыктоонун сырын ачты.

— Арыкташ үчүн диетологдор көбүнчө туура тамактануу менен диетаны сунушташат. Алар эмнеси менен айырмаланат?

— Адамдар жаш курагына карабай туура тамактанышы керек. Ар бир жаш куракка ылайык норма менен тамак-аш сунушталат. Маселен, балдарга тамак берсең жешет, чоңдор каалаган тамагын кабыл ала берет, жашы өткөн адам тамакты чектеп калат.

Невролог-массажист, су-джок терапевт Нуртилек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Укалоочу Усенбаев: мен иштеп жатканда кардарларым коңурук тартып уктап кетет
Өзүм жашоодо тамактануу тартибин көзөмөлдөйм. Бирок адам болгондон кийин ар кандай учурлар болот. Маселен, айымдардын айызы келер мезгили жакындаганда тамакка болгон табити күчөйт. Эгер ачуу тамакка табит тартса, ичегилеринин иштешинде мүчүлүштүк бар, камыр тамактарга жана таттууга тартып жатса, демек стресс абалында жүрөт. Эркектер адатта жаз айында стресске көп кабылгандыктан тамекини көп чегип калышат. Тамеки ден соолукка зыян. Биздин эркектер эт менен камырды тамак катары олуттуу кабыл алышат. Үйдөгүлөр тамакка жашылча-жемиштерди кошуп берсе, биринчиден түстүү өңдөр жылуу маанай тартуулайт, экинчиден калориялуу тамакты азайтат.

Диета бул — тамактануунун тартиби. Элде диета кармаган адам тамакты аз жейт же такыр жебейт деген түшүнүк бар. Тамактан баш тартуу ачкачылык болуп саналат. Тамак барбаган учурда адамдын күчү кетет, башы тегеренет, ашказан ооруларына чалдыгат.

—Орозо кармагандар деле тамак ичпей көп убакыт жүрүшөт. Алардын кесепети организмге карата кандай болот?

— Орозо бул — жан дүйнөнүн абалы. Мен орозо кармагандарга кошулам. Бирок орозону дагы көбү тамактан баш тартуу деп түшүнүшөт. Жан дүйнө башка нукта жүргөндө адам тамак тууралуу ойлонбойт. Ооз ачууну суу менен баштаган да ички органдар үчүн абдан пайдалуу. Бирок сууну ичип бүткөндөн кийин он мүнөттөн соң гана тамак ичкенге болот. Адатта ооз ачканга чакырганда дасторкон толо дүйүм тамактарды даярдашат. Анан эртеден кечке бош жүргөн ашказанга ошончо калориялуу тамактын барганын элестетиңиз. Ошон үчүн суу ичүүнү унутпаңыздар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-диетолог Бактыгүл Иманкулова: эгер ачуу тамакка табит тартса ичегилеринин иштешинде мүчүлүштүк бар, камыр тамактарга жана таттууга тартып жатса, демек стресс абалында жүрөт
Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Врач-диетолог Бактыгүл Иманкулова: эгер ачуу тамакка табит тартса ичегилеринин иштешинде мүчүлүштүк бар, камыр тамактарга жана таттууга тартып жатса, демек стресс абалында жүрөт

— Врач-диетологдор күнүнө үч литрден суу ичип туруу организм үчүн пайдалуу деп айтышат. Бул суюктуктукту күнүмдүк чай, шире, кофе менен толуктап жатабыз десек туура болобу?

— Ширенин курамында калория болгондуктан, ал тамак болуп саналат. Буга газдалган суу да кирет. Маселен, чайга кант менен сүттү кошуп ичсеңиз ал да калориялуу. Кофе деле ошондой. Кофе менен чай өзүнчө турганда суюктук болуп саналат.

— Стресс, депрессияга түшкөн адамдар көп учурда арыктайт же семирет экен. Себеби эмне менен түшүндүрүлөт?

Кыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам
— Стресс бүгүн пайда болуп эртең тарап кете турчу нерсе болушу мүмкүн. Депрессия акырындык менен жүрүп отуруп көп убакытка созулат. Стресске чалдыккандардын кээси тамак иче албай калат. Бирок жан дүйнөсү стресс менен күрөшөт. Кээ бирлери көйгөйлөрдөн арылуу максатында абалдан качып, тамактанууга өтүп баштайт. Тамакты көп жеген учурда көйгөйлөр алыстагандай сезилет.

— Социалдык тармактарда бир жумада 10 килограммга чейин арыктадым, же арыктаса болот деген ар кандай маалыматтарды жазып жүрүшөт. Айтсаңыз, адам бир күндө канча килограммга арыкташы мүмкүн?

— Адам физиологиялык жактан бир жумада 300-400 грамм гана арыктай алат. 10 кг абдан олуттуу арыктоо болуп эсептелинет. Эгер адам 200 кг салмагында 10 кг арыктаса бул нормалдуу көрүнүш. 70 кг салмактагы адам 10 кг ташташы мүмкүн эмес. Норма боюнча адам бир айда 3-5 кг гана арыктай алат. Кескин түрдө арыктоого өткөндөрдүн көбү ооруга чалдыгат. Башкача айтканда, тамакка көнүп калган ашказан ачкачылыкка дуушар болгондо ички органдар жабыр тартат.

— Адам баласы гормоналдык себептерден улам дагы толуп кетет экен?

— Негизи адам жашоосунда эки гана мезгилде май клеткасынын кошулуусуна дуушар болот. Биринчиси, бала бир жашка чейин жана өткөөл куракта арыктайт же толот. Эркек балдар тестостерон гормондору көбөйгөндө арыктоого дуушар болсо, кыздар, тескерисинче, толуп кетет. Аялдардын дене түзүлүшү 40 жаштан кийин дагы өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бул убакытта туура тамактанууга өтсө, денеси акырындык менен калыбына келет.

— Адамдын арыктоосуна спорт көбүрөөк жардам береби же диетабы?

— Дүйнө жүзүндө арыктоонун керемет күчү — бир гана спорт менен туура тамактануу. Экөөнүн бирөөсүн пайдаланып же болбосо чогуу айкалыштырганга туура келет.

— Эгерде тамакты болушунча жеп, бирок спорт менен машыгып турса, канчалык деңгээлде жыйынтык алып келет?

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Офтальмолог Мамытова: көзү агып түшүп калган ырчыны эстесем, жүрөгүм ооруйт
— Бул фигуранын коррекцияланышына гана жардам берет. Арыктайм деген киши спорт менен машыкканда тамакты да чектеши керек. Көп адамдарга мындай сунушту киргизсең "мен ачка болуп кетем" деп өздөрүнөн коркушат. Адам машыгып баштаганда автоматтык түрдө тамакты азайтып калат. Сапаттуу машыгып баштасаңыз, организмиңиз дагы сапаттуу тамак сурай баштайт.

Кардарларга бир нерсени сунуштоодо бардыгын өзүм аркылуу өткөргөнгө аракет кылам. Бул тамакты жебе, спорт менен алектен, туура тамактан деген сөздөрүм желге учкандай болбош үчүн өзүм дагы ошолорду башымдан өткөрөм. Муздаткычымдын ичинде жер-жемиштер, каша жана белогу аз сыр, сүт, айран болушу мүмкүн. Адамдардын жашоо шарты азыр жакшырды. Мурун майрамда жасалчу тамактар күнүмдүккө айланды. Маселен, он жыл мурун оливье салатын майрам күндөрү гана койсок, азыр каалаган күнү ашканага, дүкөнгө кирип жей аласың. Ал мезгилде тамактануу да жеңил болчу. Ошон үчүн майрамдык дасторконду майрамга эле калтырганыбыз оң. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-диетолог Бактыгүл Иманкулова: адам физиологиялык жактан бир жумада 300-400 грамм гана арыктай алат. 10 кг бул абдан олуттуу арыктоо болуп эсептелинет. Эгер адам 200 кг салмагында 10 кг арыктаса бул нормалдуу көрүнүш. 70 кг салмактагы адам 10 кг ташташы мүмкүн эмес
Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Врач-диетолог Бактыгүл Иманкулова: адам физиологиялык жактан бир жумада 300-400 грамм гана арыктай алат. 10 кг бул абдан олуттуу арыктоо болуп эсептелинет. Эгер адам 200 кг салмагында 10 кг арыктаса бул нормалдуу көрүнүш. 70 кг салмактагы адам 10 кг ташташы мүмкүн эмес

— Спорт менен машыгып, диета кармагандан көрө түрдүү дары-дармектерди ичип салмактан арылгандар бар. Сиздин көз карашыңыз кандай?

— Биздин дарыканалардын ар биринде арыктатуучу дары-дармектер бар. Алардын көбүндө сибутрамин деген элемент бар. Ал таблетканы ичкенде сиз тамак ичкиңиз келбей калат. Оозуңузга тамак алган учурда деле кекиртектен ары өтпөйт. Ашказаныңыз убактылуу иштебей турган үчүн арыкташыңыз мүмкүн. Бирок жыйынтыгында ички органдардын иштешинин бузулушуна, организмде канттын көбөйүшүнө, психологиялык жүрүм-турумдун бузулушуна алып келет.

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
Семирүүнүн чегинен өтүп кетип, хирургиялык ыкмалар жардам бербей калганда дарылай турчу касиети бар атайын таблеткалар болот. Алардын баары дарыгердин көзөмөлү менен жүргүзүлөт.

Маселен, өнүккөн өлкөлөрдө спортту жашоонун бир бөлүгү катары көрүшөт. Алар тойго кооз көйнөк киет элем, ошого чейин арыктай калайын деп аракет кылышпайт. Арыктоону максат кылышса акырындап спорттун жардамы менен жетишет.

— Айымдар эмне үчүн төрөгөндөн кийин толуп же арыктап кетишет?

— Аялдар кош бойлуу кезинде тамакты аз ичип калат. Анткени бала, ага кошумча ашказандын чоңдугу тоскоолдук жаратат. Айрымдарда боюнда бар аял эки киши үчүн тамак ичиш керек деген түшүнүк бар. Төрөгөндөн кийин деле балага сүт болсун деп тамакты көп бере беришет. Бул туура эмес. Согуш убагында деле төрөгөндөр болгон. Боюнда бар учурда организм өзүнө керектүү нерселерди алат. Айрым учурда толмоч кыздар бала көтөргөн кезинде тескерисинче арыктап кетет. Эгер убагында ошол келбетти сактап кала алсаңар, кийин ошол боюнча каласыңар. Баланы эмизип жатканда арыктатууга шарт түзүүчү гормондор чыгып турат. Айрым учурда эмчектин сүтү менен бакканга мүмкүнчүлүк болбой калып, жасалма тамак берүүгө өткөнгө туура келет. Ошондо айымдарда тиешелүү гормондор чыкпай толуп кетиши мүмкүн.

— Анорекция эмнеден улам келип чыгат деп ойлойсуз?

Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө өтө ашыкча салмак менен аялдар көбүрөөк жабыр тартат
— Стресстен. "Ой толуп кеткенсиңби, сен толуксуң" деген сөздөр адамды стресске кабылтат. Арыктагандар алгачкы жыйынтыктарын көрүп сүйүнөт, андан кийин дагы арыктагысы келет, ошентип отуруп чектен чыгып кетет. Анорекция менен көбүнчө жаш кыздар жабыркашат. Тилекке каршы, анорекция бардыгында эле ийгиликтүү айыгып кетпейт. Ошондуктан диетологдор бейтаптын психологиялык абалынан баштап физиологиялык түзүлүшүнө өтүшү керек.

— Практикаңызда адамдарды канча килограммга чейин арыктатып көргөнсүз?

— Жеке көзөмөлүм боюнча 30-35 кг чейин арыктагандар болгон. Өткөн жылы абдан толук, кийинки жылы көзгө таанылгыс болуп өзгөргөндөр бар. Ичимден Кыргызстанды канча майдан арылттым экен деп калам. Түрдүү курактагылар келишет. Акыркы убакта кичинекей балдардын жетелеп ата-энелер көп кайрылып калышты. Мурун ата-энелер балдарын өтө толуп кеткен убакта алып келишчү. Азыр баштапкы этабында көргөзүп жаткандары кубандырат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын дагы салымы чоң деп ойлойм.

— Кыргызстандыктардын салмагына кандай баа бересиз? Маселен, америкалыктар тез тамактануучу жайдан курсак кампайткандыктан орточо салмактары 70-80 кг түзөт экен?

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
—Жалпысынан Кыргызстанда өтө толук адамдар жок. Мен он жети жылдык иш тажрыйбамда 150-160 килограммга чейинки адамдарды көргөм. Биздин генетикалык, физиологиялык түзүлүшүбүз өзгөчө, денебиз чымыр келет. Мен чет мамлекетте жүргөндө же корей, же кытай эмес, кимсиңер деп абдан суктануу менен сурагандар болгон. Андыктан европалык стандартка жетели деп аракеттенүүнүн кажети жок деп ойлойм.

— Жыйынтык сөз катары эмне деп айткыңыз келет?

— Адамдар бири-бирине келбетине карап мамиле кылбаса дейм. Азыр биздин жаштар өтө эле арык. Бул сулуулуктун стандарты болуп эсептелинбейт. Адам өзүнө ден-соолугу чың, активдүү, акылдуу жашоо образын түзүшүн каалайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0