Роза Отунбаева: бардык саясий күчтөр биригишибиз керек

© Sputnik / Актан ТемиркановЭкс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда
Экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент бул чуулгандуу окуянын арты менен жамандыкка каршы чыга турган күчтөр биригүүсү керектигин айтып чыкты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Учурда бардык саясий күчтөр биригиши керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда билдирди.

© Sputnik / Актан ТемиркановУчурда бардык саясий күчтөр биригиши керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда билдирди.
Учурда бардык саясий күчтөр биригиши керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Учурда бардык саясий күчтөр биригиши керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда билдирди.
© Sputnik / Актан ТемиркановБелгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
Белгилей кетсек, Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
© Фото / Актан ТемиркановЭске салсак, депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.
Эске салсак, депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Эске салсак, депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.
© Sputnik / Актан ТемиркановЖекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат Манас аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
© Sputnik / Актан Темиркановүгүн Базар-Коргон районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны бошотууну талап кылуу менен тарап кетишсе, Оштогулар каршылык акциясына чогула баштады.
үгүн Базар-Коргон районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны бошотууну талап кылуу менен тарап кетишсе, Оштогулар каршылык акциясына чогула баштады. - Sputnik Кыргызстан
5/5
үгүн Базар-Коргон районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны бошотууну талап кылуу менен тарап кетишсе, Оштогулар каршылык акциясына чогула баштады.
1/5
Учурда бардык саясий күчтөр биригиши керек. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева УКМКнын алдындагы митинг учурунда билдирди.
2/5
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
3/5
Эске салсак, депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.
4/5
Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
5/5
үгүн Базар-Коргон районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны бошотууну талап кылуу менен тарап кетишсе, Оштогулар каршылык акциясына чогула баштады.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.

"Текебаевди аэропорттон эл аралык террористтей кылып алып кетишкени баарыбызды өкүндүрдү. Өмүрбектин өлкөгө кошкон салымы зор. Бийликтин Маевскийди бизге белек кылып бергенине рахмат айталы. Анткени анын арты менен жамандыкка каршы күрөшө турган күчтөр биригишибиз керек", — деди Отунбаева.

Эске салсак, депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекенчи" депутаттардын митингде айткан кептери
Атайын кызматка Текебаевди сот жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевский кайрылган. Арызда Маевский Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда ага MegaCom компаниясынын акциясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алганы айтылган.

Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн Базар-Коргон районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, аны бошотууну талап кылуу менен тарап кетишсе, Оштогулар каршылык акциясына чогула баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0