Базар-Коргондо митингге чыккан Текебаевдин жактоочуларынын саны 200дөн ашты

© Фото / Талгат БакиевМитинг за освобождение депутата Текебаева в Базар-Коргоне
Митинг за освобождение депутата Текебаева в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Базар-Коргон райондук администрациясынын алдына Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары чогулуп жатканын аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.

© Фото / Талгат БакиевБазар-Коргон райондук администрациясынын алдына Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары чогулуп жатат
Митинг за освобождение депутата Текебаева в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
1/2
Базар-Коргон райондук администрациясынын алдына Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары чогулуп жатат
© Фото / Талгат БакиевБелгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
Белгилей кетсек, Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
1/2
Базар-Коргон райондук администрациясынын алдына Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары чогулуп жатат
2/2
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.

"Чогулган эл "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаевди боштондукка чыгарууну талап кылууда. Учурда топтолгондордун болжолдуу саны 200дөн ашты", — деп жазылат маалыматта.

Депутатка карата кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогула баштады
Атайын кызматка Текебаевди сот жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевский кайрылган. Арызда Маевский Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда ага MegaCom компаниясынын акциясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алганы айтылган.

Жекшемби күнү түнкү саат үчтөр чамасында Текебаев Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0