https://sputnik.kg/20260318/1100301211.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Коррупция фактысы боюнча "Кыргызнефтегаз" ААКсына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги... 18.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-18T19:00+0600
2026-03-18T19:00+0600
2026-03-18T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/12/1100301045_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_378f10f03b86014b58a33a40698ce6c2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Коррупция фактысы боюнча "Кыргызнефтегаз" ААКсына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, иликтөө иштери министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн негизинде башталган. Анда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемалары уюштурулгандыгы аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар делген адамдарды аныктап, кармашкан.Кармалгандар Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча иштер жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланышкан маселелерге, өзгөчө мал этинин баасын турукташтыруу максатындагы министрлер кабинетинин чечимине токтолду. Маалым болгондой, өлкөнүн эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасына рыноктук жол менен таасир этүү максатында, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт. Ага ылайык, 2026-жыл ичинде региондук эт кластеринин субъекттерин жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашырууга катыша турган Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы бодо малды бордоп семиртүүчү эт кластерине кирген фермерлер менен агроишкерлерге үстөк пайызы төмөн жеңилдетилген насыя берилет. Каржылоо мамлекеттик "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан жүргүзүлөт.
УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.Маалыматта шектүүлөр жана алар менен байланышы бар адамдар ишкерлердин, кылмыш ишинин фигуранттарынын мамлекеттин пайдасына өтө турган акча каражаттарын жана мүлктөрүн өздөрүнө ыйгарып келгени айтылат.Фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголгон.**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү ири компаниялардын катышуусунда "Жашыл ишкер" аттуу тегерек стол өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда желим калдыктарын азайтуу жана айланма экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекет менен бизнестин кызматташуусу талкууланды. Жолугушууда шаардагы соода түйүндөрүнө, май куюучу жайларга жана окуу жайларына желим бөтөлкөлөрдү жана алюминий банкаларды кабыл алуучу атайын автоматтар орнотулары айтылды. Калкты кызыктыруу үчүн бонус берүү системасы каралат. Ошондой эле экологиялык жоопкерчиликтүү компанияларга мамлекет тарабынан атайын "Жашыл ишкер" статусун берүү сунушталды. Өлкөдө полимер пакеттерин чектөө демилгесинин алкагында, соода тармактарына экологиялык таза таңгактарга өтүү сунушталды.
Коррупция фактысы боюнча "Кыргызнефтегаз" ААКсына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, иликтөө иштери министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн негизинде башталган. Анда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемалары уюштурулгандыгы аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар делген адамдарды аныктап, кармашкан.Кармалгандар Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча иштер жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланышкан маселелерге, өзгөчө мал этинин баасын турукташтыруу максатындагы министрлер кабинетинин чечимине токтолду. Маалым болгондой, өлкөнүн эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасына рыноктук жол менен таасир этүү максатында, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт. Ага ылайык, 2026-жыл ичинде региондук эт кластеринин субъекттерин жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Долбоорду ишке ашырууга катыша турган Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы бодо малды бордоп семиртүүчү эт кластерине кирген фермерлер менен агроишкерлерге үстөк пайызы төмөн жеңилдетилген насыя берилет. Каржылоо мамлекеттик "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан жүргүзүлөт.УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.Маалыматта шектүүлөр жана алар менен байланышы бар адамдар ишкерлердин, кылмыш ишинин фигуранттарынын мамлекеттин пайдасына өтө турган акча каражаттарын жана мүлктөрүн өздөрүнө ыйгарып келгени айтылат.Фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголгон.**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү ири компаниялардын катышуусунда "Жашыл ишкер" аттуу тегерек стол өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда желим калдыктарын азайтуу жана айланма экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекет менен бизнестин кызматташуусу талкууланды. Жолугушууда шаардагы соода түйүндөрүнө, май куюучу жайларга жана окуу жайларына желим бөтөлкөлөрдү жана алюминий банкаларды кабыл алуучу атайын автоматтар орнотулары айтылды. Калкты кызыктыруу үчүн бонус берүү системасы каралат. Ошондой эле экологиялык жоопкерчиликтүү компанияларга мамлекет тарабынан атайын "Жашыл ишкер" статусун берүү сунушталды. Өлкөдө полимер пакеттерин чектөө демилгесинин алкагында, соода тармактарына экологиялык таза таңгактарга өтүү сунушталды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/12/1100301045_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_16e1429a1b1e8b60d56b17ec9e877afe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио