Жасалма диплом менен 8 жыл иштеп келген милиция кызматкери кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековДиплом кармаган офицер. Архив
Диплом кармаган офицер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ түзүмүндө иштеген кызматкер кызмат тепкичинен жогорулоо үчүн 2007-жылы Кыргыз Улуттук университетинин жасалма дипломун алган. Текшерүү учурунда анын аталган окуу жайда окубагандыгы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. ИИМ кызматкеринин жогорку билими жөнүндөгү жасалма дипломду колдонгон факты аныкталганын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплому аныкталып калган мугалим милицияга пара берип жатканда кармалды
Маалыматка ылайык, ИИМ түзүмүндө иштеген кызматкер кызмат тепкичинен жогорулоо үчүн 2007-жылы Кыргыз Улуттук университетинин жасалма дипломун алган. Текшерүү учурунда анын аталган окуу жайда окубагандыгы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 350- беренесине ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу") ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0