Ашимова Динара Ашимовна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАшимова Динара Ашимовна
Ашимова Динара Ашимовна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Динара Ашимова 1973-жылы 3-февралда Ош облусунун Кызыл-Коргон айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Кыргыз улуттук университетинде, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган.
Эмгек жолу:
1996-жылы "Сортсемовош" мамлекеттик ишканасында юрист, бир нече жыл Жалал-Абад, Ош облусунун прокуратурасында иштеген;
2006-2007 — Бишкек шаарындагы Биринчи май, Ленин райондорунун прокурорлорунун орун басары;
2008-2015 — Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2016-2021 — "Глобал консалтинг" юридикалык компаниясынын директору;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0