Асанов Уланбек Жалалович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Социального фонда при Министерстве здравоохранения и социального развития Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Билими:
  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.
Эмгек жолу:
  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель-май — Социалдык фонддун төрагасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0