Сүйүнбек Касмамбетов — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКПрезиденттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган Сүйүнбек Касмамбетов
Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган Сүйүнбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүнбек Касмамбетов 1960-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунда туулган, Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин тарыхчы адистиги боюнча бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

Эмгек жолун 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуу менен баштаган. 1979-жылы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы болуп эмгектенип, 1979-1981-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

  • 1987-1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1991-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиянын идеология бөлүмүнүн инструктору;
  • 1991-1992 — Кыргыз Республикасынын Экономика комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 1992-1993 — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин жардамчысы;
  • 1993 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси;
  • 1993-1994 — Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы;
  • 1995-1996 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы;
  • 1996-2000 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;
  • 2000-2000 — Жогорку Кеңештин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;
  • 2000-2005 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппарат жетекчисинин орун басары;
  • 2005-2008 — Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;
  • 2008-2009 — Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси;
  • 2009-2010 — Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары.
  • 2010 — Убактылуу өкмөт менен президенттин аппарат жетекчисинин орун басары;
  • 2010-2011 — Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;
  • 2020-2021 — президенттик аппараттын жетекчиси;
  • 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. 

"Биримдик" партиясынын катарында парламенттик шайлоого аттанганы маалым (№106).

Сыйлыктары:

  • 1986 — "Ардак белгиси" ордени, "Даңк" медалы берилген.
  • 2007 — "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" төш белгисин алган.

Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамынын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0