Атаханов Шамил Есенжанович — өмүр баяны

Жазылуу
Шамил Атаханов 1948-жылы 22-июлда Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • 1971 — Фрунзе политехникалык институту, автоматика жана телемеханика факультети;
  • 1986 — Россия ИИМинин академиясы, "укук таануу" адистиги боюнча билим алган;
  • 1991 — Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту, бизнестин эл аралык мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1971 – 1972 — "Проектмонтажавтоматиканын" Казакстандагы бөлүмүндө инженер-электрик;
  • 1972 – 1973 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1973 - 1984 — Кыргыз ССРинде комсомолдо жана партиялык кызматтарда иштеген;
  • 1986 – 1987 — Кыргыз ССРинин ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 1987 – 1988 — Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитетинин административдик жана соода-финансылык бөлүмүнүн башчысы;
  • 1988 – 1991 — Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчинин милдетин аткаруучу;
  • 1991 – 2005 — "Интер-Бишкек" ишканасынын башкы директору;
  • 05.2005 – 08.2005 — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
  • 2005 – 2010 — "Интер-Бишкек" ишканасынын башкы директору;
  • 12.2010 — 12.2011 — Вице-премьер-министр, Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү;
  • 12.2011 — 11.2012 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • 11.2012 — 02.2013 — Ички иштер министри;
  • 02.2013 — 06.2013 — Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр.

Кошумча маалыматтар:

"Полковник" аскерий наамы бар. Бишкек финансы-экономикалык академиясынын профессору.

2015-жылдагы парламенттик шайлоого чейин Пенсионерлердин партиясын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0