Билими:
Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.
АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.
Эмгек жолу:
- 1999 – 2005 — Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
- 2001 – 2002 — Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
- 2002 – 2003 — Ош мамлекеттик университетинде юрист;
- 2004 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
- 05.2005 – 08.2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
- 08.2005 – 11.2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
- 2005 - 2007 — КР тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
- 2009 – 2010 — КР президентинин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
- 02.2010 – 04.2010 — КР президентинин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
- 04.2011 – 08.2011 — Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
- 2012 – 2013 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
- 2013 – 2015 — КР президентинин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
- 02.2015 — 03.2019 — "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
- 2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.
Бир нече чет тилин билет.
Үй-бүлөлүү.