Билими:
2003 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен "ишканалардын экономикасы" адистигине ээ болгон;
2012 — Япониянын Киото шаарындагы Ритцумейкан университетин "Экономикалык өнүктүрүү" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2004 — Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Инновация" мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору, инновацияларды ишке киргизүү жана инновациялык технологияларды мониторингдөө бөлүмүнүн 1-категориядагы адиси;
2004 – 2006 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иши боюнча комитетинде координатор;
2006 — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
2007 — Финансы министрлигинин саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти;
2009 — Финансы министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгында фискалдык тобокелдиктерди башкаруу секторунун башчысы;
2009 – 2010 — Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигинин бюджеттик кызматынын эксперти;
2012 – 2014 — Өкмөттүн аппаратында аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
2014 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
2014 – 2015 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы;
2015 – 2018 — Экономика министринин орун басары;
05.2018 – 10.2018 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
10.2018 — КР президентинин аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы.
Башка маалыматтар.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.