Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова) — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖКГүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова)
Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова) 1963-жылдын 20-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. "Конфликтология: саясий процесстер жана технология" адистиги боюнча жогорку билимдин ээси.

Анын эмгек жолу 1986-жылы башталган. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгектенген. Ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин консультанты, Абхазиядагы конфликтини жөнгө салуу боюнча КМШнын жумушчу тобун жетектеген.

  • 2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.
  • 2006-2007 — президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун жетекчиси;
  • 2008-жылга чейин Кыргызстандын Боршайкомунун төрайымы болгон. Бирок кийин президенттин уулу Максим Бакиев ага кысым көрсөтүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга кайра 2009-жылы кайтып келген.
  • Ал өзүнүн аты жөнүн 2015-жылы Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алган.
  • 2018-жылдын 15-майында БШК аны "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөрдү.
  • 2020-жылдын 4-октябрында "Мекенчил" партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан (жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан);
  • 2021-жыл 22-февраль — Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0