Исмаилов Сагынбек Сардарбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель Антикоррупционной службы ГКНБ Сагынбек Исмаилов
Руководитель Антикоррупционной службы ГКНБ Сагынбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сагынбек Исмаилов 1963-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. 1985-жылы Карагандада СССР ИИМдин жогорку мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

1982-1986 — Фрунзеде Свердлов РИИБдин опер кызматкери;

1986-1987 — Сокулук РИИБдин ага опер кызматкери;

1987-1988 — КР ИИМдин Кылмыш изилдөө башкармалыгынын 3-бөлүгүнүн опер кызматкери;

1988-1991 — Сокулук РИИБдин кылмыш изилдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

1991-1993 — ИИМдин Кылмыш изилдөө башкармалыгынын райондук милициянын ага опер кызматкери;

1993-1996 — Бишкек ШИИБде жетекчилик кызматта иштеген;

1996-1998 — Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү башкармалыгында бөлүм башчы;

1998-2000 — Ош облустук милициянын кылмыш изилдөө башкармалыгынын начальниги;

2000-2002 — Кара-Суу РИИБдин жетекчиси;

2003 — Ош облустук милициянын кылмыш изилдөө башкармалыгынын жетекчиси;

2003-2005 — директордун орун басары, андан соң Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин Түштүк башкармалыгынын башчысы;

2006-2009 — ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын начальниги;

2009-2010 — Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;

2010-2011 — ИИМдин адистештирилген мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2012-2014 — ИИМдин Ыкчым анализдөө башкармалыгынын башчысы;

2014-2015 — ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын начальниги;

2015-2017 — КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары;

2017-2018 — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

2018 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель Антикоррупционной службы ГКНБ Сагынбек Исмаилов
Руководитель Антикоррупционной службы ГКНБ Сагынбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Руководитель Антикоррупционной службы ГКНБ Сагынбек Исмаилов

1999-жылы Исмаилов коомчулукта резонанс жараткан кылмыштарды ачыктап, опер кызматындагы чоң жетишкендиктери үчүн мөөнөтүнөн мурда милициянын полковниги чинин алган. Ал өтө көркунучтуу куралчан кылмышкерлерди, бирөөнүн буюртмасы менен киши өлтүргөн айыпкерди жана буюртма берген адамды кармаган.

Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары ыйгарылган. Ошондой эле атайын курал менен сыйланган. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошкондордун катарын толуктайт. Резонанс жараткан кылмыштарды жана буюртма менен киши өлтүргөн бир нече кылмыштарды ачыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0