Билими:
1992-жылы Украинадагы Донбасс Пролетариаты атындагы Жогорку авиациялык штурман-учкучтар училищесин аяктап, штурман-инженер адистигине ээ болгон.
1994-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку жогорку курсун аяктаган.
2002-жылы Кыргыз-орус славян университетинен юриспруденция адистигин алып чыккан.
Эмгек жолу:
1993-2005 — улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн;
2005-2007 — Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперт-аналитиги;
2007-2010 — улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн;
2010-2013 — Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
2013-2017 — КРнын УКМКсында кызмат өтөгөн;
2017-жылдын декабрь айында КР президенттин кеңешчиси болуп дайындалган;
04.2018 - 02.2019 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.