Муса Жаманбаев 1978-жылы 20-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрөлгөн.
Билими:
2000 — Бишкек гуманитардык университетин "Чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек жолу:
2000 – 2001 — КР Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында катчы-референт;
2001 – 2003 — КР Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматында атташе;
2003 – 2007 — КР премьер-министринин аппаратынын протокол кызматында референт;
2007 – 2007 — КР премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчиси;
2007 – 2009 — КР премьер-министринин аппараты, премьердин протокол кызматынын жетекчи-орун басары;
2009 – 2010 — КР өкмөтүнүн аппаратында эл аралык кызматташуу жана протокол кызматынын жетекчи орун басары;
2010 — КР Убактылуу өкмөтүнүн аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүндө эксперт;
2011 – 2017 — КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчи орун басары, протокол жана паспорт-визалык камсыздоо кызматынын жетекчиси;
2017-жылдын 9-декабрынан тарта КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы.