Молдокадырова Элнура Жумагазиевна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) баяндамачысы Эльнура Молдокадырова. Архив
Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) баяндамачысы Эльнура Молдокадырова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элнура Молдокадырова 1988-жылдын 19-апрелинде Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында туулган. Чүй облусунун Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 мектеп-лицейинде билим алган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

2010-2017 — Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) баяндамачысы;

2017-жылдын август айынан тарта — эркин журналист.

Сыйлыктары:

Геннадий Павлюк атындагы "Чынчылдык. Эрдик. Профессионалдуулук" сыйлыгынын ээси. Теле жаатындагы кызматкерлер арасында 1-орунду ээлеген.

КТРКнын "Мыкты журналисти" аталып, төш белги менен сыйланган.

"Монополияга каршы органдын отличниги", ошондой эле ИИМдин юбилейлик медалы менен сыйланган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгында "Журналистика" факультетинин эң мыкты журналисти катары ардак грамота менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0