00:03 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
212 0 0

Анарбаев Гуламжан Сатыбалдиевич Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында 1967-жылы 23-июлда туулган.

1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "Юриспруденция" факультетин аяктап, андан сырткары 2004-жылы КРдин Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында "менеджмент" багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1991 — Ош облусундагы областтык аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматында биринчи ротанын милиционери
  • 1991-1992 — Ош облусунун ИИБдин баңгизатына каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кичи инспектору
  • 1992-1993 — Ош облусунда ИИМдин Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыкта оперкызматкердин жардамчысы
  • 1994-1995 — ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын ага оперкызматкери
  • 1995-1998 — ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын бөлүмүнүн оперкызматкери
  • 1998-2000 — Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактар аралык башкармалыкта оперкызматкер
  • 2000-2001 — Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкери
  • 2001-жылдын мартынан август айына чейин Жалал-Абад облусу боюнча түштүк региондогу башкармалыктын Уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча ага оперкызматкери
  • 08.- 10.2001 — Ош жана Баткен облустары боюнча түштүк региондогу башкармалыктын уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча ага оперкызматкери
  • 2001-2002 — Ош облусундагы түштүк аймактык уюшулган кылмыштуу жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын ага оперкызматкери
  • 2003-2005 — ОШ ИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы
  • 2006-2007 — Ош боюнча Каржы полиция кызматынын бөлүм башчысы
  • 2007-2008 — Ош боюнча Каржы полиция башкармалыгынын башчысы
  • 2008-2010 — Каржы полиция кызматынын башчысы
  • 01.-05.2010 — КРдин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик каржы полициясы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
  • 05.2010 – 08.2010 — Мамлекеттик каржы полиция кызматынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы
  • 2011-2012 — Коррупцияга жана уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча башчысынын орун басары
  • 02.2012 — КРдин баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары.

Белгилер:
биография, өмүр баян, Гуламжан Анарбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ