04:24 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
91110

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү. Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010-2011 — Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим; 
  • 2011-2012 — Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу;
  • 2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу, сценарист;
  • 2014-жылдан бери "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү.

Кароо-сынактардагы жеңиштери:

  • "Башканы коюп Манасты айт" сынагы — 1-орун;
  • Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге;
  • Манас күнү – 1-орун.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Белгилер:
өмүр баян, манасчы, Дөөлөт Сыдыков

ЭҢ МААНИЛҮҮ