Стамалиева Толгонай Турдалиевна — өмүр баян

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаведующая отделом информационной политики аппарата президента КР Толгонай Стамалиева
Заведующая отделом информационной политики аппарата президента КР Толгонай Стамалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1975-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу: 

  • 1998-2002 — Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кабарчысы;
  • 2002-2005 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын маалымат кызматында консультант, ага консультант;
  • 2005 —2006 — Борбордук шайлоо комиссиясынын Аналитикалык борборунун – Маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2006- 2007 — КР президентинин маалымат кызматынын референти;
  • 2007-2009 — Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат катчысы жана Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2009-2010 — Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2010 – 2011 — Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2011-жыл, апрель-июнь — Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы;
  • 2011-жыл, июнь-сентябрь — Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык-аналитика бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2012- 2015 — Жогорку Кеңештин Маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2015-2016-жыл, апрель — КР президентинин Маалымат саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчи орун басары;
  • 2016-жыл, 15-апрель — КРдин премьер-министринин КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2017-жылдын ноябрь айынан тарта президенттин маалымат катчысы — президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2020-жылдын 13-январынан тарта президенттин маалымат катчысы. 

"Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору" класстык наамы бар.

Сыйлыктары:

  • 2014-жылы КМШнын парламенттер ассамблеясынын Ардак белгиси;
  • 2015-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0