Ибраимов Албек Сабирбекович — Өмүр баяны

Жазылуу
Албек Ибраимов 1967-жылы 1-сентябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Албек Ибраимовдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен окуңуздар

  • 1987—1989 — "Тяжэлектромаш" заводунун слесардык-механикалык бөлүмүнүн мастери  
  • 1989—1991 —  Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн 
  • 1992—1996 — "Илбирс" ишканасынын жумушчусу, директор 
  • 1997—2001 — "Кыргызавтомаш" ачык акционердик коомунунда бөлүм башчы, коммерциялык директор   
  • 2002—2004 — "Кыргызавтомаш" ачык акционердик коомунунун аткаруучу директору
  • 2005—2006 — Өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси  
  • 2006—2010 — Ишкер
  • 2010—2011 —"Бишкек" Эркин экономикалык аймагынын башкы директору 
  • 2011—2012 — "Дастан" заводунун башкармалыгынын төрагасы 
  • 2012—2013 — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары 
  • 2013—2015 — "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомун  башкармалыгынын төрагасы  
  • 2015— 2016 — "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомун директорлор кеңешинин төрагасы

Төрт баланын атасы.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0