Иманалиев Каныбек Капашович. Өмүр баяны

Жазылуу
Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн.
Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы РФтин президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1992-1994 — "Асаба" гезитинин кабарчысы
1994-1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти
январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси
июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы
декабрь, 1999 — декабрь 2004 — "Учкун" АКнын президенти
2000-2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү
2005-2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты
декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Россиялык Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору
октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы
октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
2023-жыл, февраль — билим берүү жана илим министри.
Сыйлыктары:
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын "Древо дружбы" ("Достук дарагы") медалы.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0