Илмиянов Икрамжан Саттарович 1-июлда 1975-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз улуттук университетинен "экономист" кесибин алып чыккан.
Эмгек жолу:
2009 — 2010 —"Медиа форум" ачык типтеги акционердик коомунун экономисти
Май 2010 — июль 2011 — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарынын жардамчысы
Декабрь 2010 — декабрь 2011 —КРдин премьер-министринин жардамчысы
Декабрь 2011 — октябрь 2012 —КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары
Октябрь 2012 —апрель 2015 — КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
Бир нече жыл "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.
"Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси" чини бар.