Илмиянов Икрамжан Саттарович — өмүр баян

Жазылуу
Икрамжан Илмияновдун эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын таржымалынан таанышыңыз.

Илмиянов Икрамжан Саттарович 1-июлда 1975-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз улуттук университетинен "экономист" кесибин алып чыккан. 

Эмгек жолу: 

2009 — 2010 —"Медиа форум" ачык типтеги акционердик коомунун экономисти 

Май 2010 — июль 2011 — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарынын жардамчысы

Декабрь 2010 — декабрь 2011 —КРдин премьер-министринин жардамчысы

Декабрь 2011 — октябрь 2012 —КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары

Октябрь 2012 —апрель 2015 — КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары 

Бир нече жыл "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген. 

"Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси" чини бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0