Исаев Канатбек Кедейканович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канатбек Исаев. Архив
Депутат Канатбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канатбек Исаев 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Калиновка айылында туулган. Билими жогору. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. Чүй облусунун «Көк Бөрү» Федерациясынын президенти, "МАНАС коому" коомдук бирикмесинин төрагасы.

Эмгек жолу: 

  • 1997-2001 — Бишкек шаарынын Свердлов районунундагы Мамлекеттик салык инспекциясында стажер, инспектор, ага инспектор, Салык инспекциясынын райондук бөлүмүнүн башкы инспектору
  • 2001-2002 — Мамлекеттик салык инспекциясынын тышкы көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси
  • 2002-2005 — "Тынай-Ата" ишканасынын жетекчиси
  • 2003 — Чүй райондук кеңешинде депутат
  • 2005-2006 — КРдин Экономика жана каржы министрлигинин жетектөөчү адиси
  • март, 2006 — Чүй газ чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
  • декабрь, 2006 — Чүй газ чарба башкармалыгынын жетекчиси, башкы дирекциянын мүчөсү
  • июль, 2008 — Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу
  • сентябрь, 2008 – апрель, 2010 —Токмок шаарынын мэри
  • октябрь, 2010 — "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты
  • февраль, 2014 – июнь, 2015 — өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү.
  • октябрь, 2015 — "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0