Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

© Sputnik№36 Иссык-Кульский
№36 Иссык-Кульский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Округга Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң районунун айрым айылдары кирет. Шайлоочулардын саны — 89 607.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы № 36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан парламент депутаттыгына 13 жаран ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
  1. Тукунов Акжолтой Шакирбекович, 29.03.1981, Ысык-Көл мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги (бакалавр) боюнча аяктаган. Жумушсуз;
  2. Мамытова Назгүл Туратбековна, 30.03.1985, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин тарых багыты боюнча аяктаган. “Ачык саясат плюс” гезитинин редактору;
  3. Хасанов Канат Зерликович, 10.08.1970, Кыргыз улуттук университетин алгач бугалтердик эсеп, көзөмөл жана чарба ишмердүүлүгүн анализдөө адистиги боюнча, кийин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Жактоочу;
  4. Мамбеталиева Анара Хамзаевна, 30.01.1983, Бишкек гуманитардык университетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча, Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Экология жана климат боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы;
  5. Имеров Мирбек Жаңыбаевич, 25.11.1989, Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Жумушсуз;
  6. Аджибаева Жаңыл Бейшеновна, 24.02.1964, Фрунзе кооператив техникумун товар таануу жана азык-түлүк сатуу иштерин уюштуруу адистиги боюнча, кийин ушул эле багытта Караганда кооператив институтун (Казакстан) аяктаган. “Ажы айымдар” фондунун директору;
  7. Маратов Мирлан Ильичевич, 15.08.1978, Кыргыз улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. “Росбетон” ЖЧКсынын директору;
  8. Сураналиев Талгат Чыныбекович, 05.03.1985, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин дүйнөлүк экономика адистиги боюнча аяктаган. “Жаш Билек” саясий партиясынын төрагасы;
  9. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, 13.06.1963, Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана чарбалык ишмердүүлүктү анализдөө адистиги боюнча аяктаган. Эсепчи-экономист;
  10. Аманбаев Искендер Эркинович, 18.10.1988, Чүй мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги (бакалавр) боюнча аяктаган. “Ван Ту. Тревел” ЖЧКсынын директору;
  11. Орозбаев Таалайбек Айтбаевич, 15.07.1982, Кыргызстан эл аралык университетин экономика багыты боюнча аяктаган. “Энтерстрой” ЖЧКсынын директору;
  12. Сарбагышев Максатбек Канатбекович, 01.07.1985, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин радиоэлектрондук тиричилик жабдуулары адистиги, Кыргыз улуттук университетин менеджмент адистиги боюнча аяктаган. Жумушсуз;
  13. Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич, 24.10.1976, КР ИИМинин Бишкектеги жогорку мектебин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Жумушсуз;
Округга Чолпон-Ата шаары, Абдрахманов, Ананьев, Бостери, Кара-Ой, Кум-Бел, Өрүктү, Садыр аке, Семеновка, Тамчы, Темир, Тору-Айгыр, Чоң Сары-Ой айыл аймактары толугу менен, Балыкчы шаары толугу менен, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагы толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны — 89 607.
Жаңылыктар түрмөгү
0