Төлөйкөн шайлоо округу боюнча ат салышкан талапкерлердин тизмеси

© Sputnik№8 Толойконский
№8 Толойконский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо болот. Депутаттар партиялык тизме боюнча (54 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (36 мандат) шайланат.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы №8 Төлөйкөн шайлоо округунан көрсөтүлгөн сегиз талапкердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
  1. Жуков Виталий Юрьевич, 31.10.1961, Ташкенттеги байланыш электротехникалык институтун аяктаган, ишкер;
  2. Темирбаев Мухаммад Миңбаевич, 15.11.1970-жылы туулган, билими жана учурда иштеген жери тууралуу маалымат жок;
  3. Орозбаев Айбек Маматович, 25.10.1972, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн, Мамакеев атындагы санаторийдин директору;
  4. Алимбеков Нурбек Каарыевич, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция, КУУну финансы жана кредит адистиктери боюнча аяктаган, КР президентине караштуу башкаруу академиясынын магистратура бөлүмүнөн билим алган. ЖК депутаты;
  5. Атазов Шайлообек Карыбекович, Ош мамлекеттик университетин финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган, ЖК депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0