15:14 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
614 0 0

Беш жылдан кийин мамлекеттик кызматкерлер электромобиль айдап, бир канча ири ГЭСтер курулуп, жакыр жашагандар 20 пайызга азайып, кредиттин пайыздарын төмөндөтүшү мүмкүн. "Кантип?" деген суроо жаралдыбы? Анда Sputnik Кыргызстан даярдаган материалды окуңуз.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти. Документ 91 беттен турат. Анда экономика, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын кантип өнүктүрөрү жазылган. Негизинен бардык чөйрө эске алынган. Программа 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыкты.

Редакция Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында камтылган маанилүү учурларды тизмектеди. Материал эки бөлүктөн турат.

Беш жылда элдин жашоосу кандай өзгөрөт

2025-жылдын аягында өлкө калкынын саны 7 миллионго жетери күтүлүүдө.

Жаңы программалык документти иштеп чыгуу зарылчылыгы соңку жылдары өлкөдө болгон өзгөрүүлөргө байланыштуу келип чыкты. Коронавирустун терс таасири, 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуу, чет өлкөлөр менен болгон өз ара мамиле кыйла чектелип, ресурстарды алуу мүмкүнчүлүгү азайды. Программа өлкөнүн келечегин аныктаган жана мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн багыт берген документ катары каралууга тийиш.

Экономикалык өсүш туруктуу болуп, калктын кирешесиндеги теңсиздик кыскарат, орто класс кеңейет. Экономиканын эмгек сыйымдуу секторлорун колдоо жана өнүктүрүү экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары болуп калат.

Шаардагы турмуш менен айылдагы турмуштун айырмачылыгы азаят. Жаңы ишканалар ишке киргизилип, жумуш орундары түзүлөт. Шаарлардын жана айылдардын көчөлөрү таза жана коопсуз болот. Адамдар келечекке ишеним артып, өз мекенинде жөндөмдөрүн ишке ашыра алышат.

Программанын негизги талаптары:

  • Ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орто эсеп менен 5 пайыздык деңгээлде камсыз кылуу;
  • Ички дүң продукцияны калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү (2020-жылы жан башына 1 224 долларды түзгөн);
  • Жумушсуздуктун деңгээлин 5 пайызга чейин төмөндөтүү;
  • Тикелей чет элдик инвестициялардын ар жылдык келүүсүн кеминде ИДПнын 13 пайыздык өлчөмүнө жеткирүү;
  • Мамлекеттик тышкы карыздын суммасын ИДПнын 60 пайыздан көп эмес деңгээлинде сактоо;
  • Адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчүн 5 позицияга жакшыртуу (учурда КР 189 өлкөнүн ичинен 120-орунда);
  • Глобалдык атаандаштык индекси боюнча рейтингинде Кыргызстанды 10 позицияга жакшыртуу (учурда КР 141 өлкөнүн ичинен 96-орунда);
  • Калктын жакырчылыгын 20 пайызга, анын ичинде балдардын жакырчылыгын 25 пайызга чейин төмөндөтүү;
  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50 пайызын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү;
  • Өлкөнү электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн катарына киргизүү;
  • Парник газдарын чыгарууну 17 пайызга кыскартуу;
  • Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.

Аткаруу бийлигин реформалоо

Башкаруу процесстерин толук автоматташтыруу зарыл. Өлкөнү санариптештирүү биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу системасында ишке ашырылышы керек. Мамлекеттик кызматтар биринчи кезекте санарип технологиялар аркылуу керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай ыкмалар менен көрсөтүлөт. Анын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында аутсорсинг практикасы кеңири колдонулат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга бирдиктүү эмгек акы төлөө системасы калат, бирок ак ниеттүү кызматкерлер тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы жана көтөргөн демилгеси үчүн бонус жана үстөктөрдү алышат.

Натыйжалуу кадр саясатын түзүү, ошондой эле кызматкерлерди социалдык пакет менен камсыздоо максатында "Келечек" программасы иштелип чыгат.

Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш түзүлөт. "Маалыматтардын негизинде башкаруу" (Data-driven governance) концепциясы киргизилет.

IV Восточный экономический форум. День первый
© Sputnik / Алексей Даничев
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга бирдиктүү эмгек акы төлөө системасы калат, бирок ак ниеттүү кызматкерлер тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы жана көтөргөн демилгеси үчүн бонус жана үстөктөрдү алышат

Ишкерлик боюнча

Мамлекеттик экспорттук-импорттук банкы ачылат.

Бишкек жана Ош шаарларында, региондордо ишкердикти тейлөө борборлору түзүлөт.

"Е-лицензиялоо" электрондук лицензиялоо системасы ишке киргизилет.

"Е-коммерция" экосистемасы жана электрондук коммерция паркы негизделет.

Сотрудники современного Центра обслуживания населения в центре Бишкека. 09 апреля 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бишкек жана Ош шаарларында, региондордо ишкердикти тейлөө борборлору түзүлөт

Жолдор, логистикалык кызматтар

Эң оболу алдыдагы беш жылдыкта "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу" стратегиялык долбоорунун курулушун баштоо жөнүндө маселени чечүү зарыл. Транспорттук автомагистралдарды жана эл аралык коридорлорду колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыгында болот.

Кашкар — Эркеч-Там — Ош, Кашкар — Торугарт — Нарын коридорлору менен катар Аксу (Кытай) — Барскоон — Балыкчы эл аралык коридорун ишке киргизүүнү жана Балыкчы шаарында логистикалык борборду түзүү максатка ылайыктуу.

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун куруп бүткөрүү, Ош — Баткен — Исфана — Худжант, Тараз — Талас — Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо долбоорлору артыкчылыкта болот.

Вид с дрона на строящийся эстакадный мост на альтернативной дороге север — юг
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун куруп бүткөрүү, Ош — Баткен — Исфана — Худжант, Тараз — Талас — Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо долбоорлору артыкчылыкта болот

Эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн "Манас" аэропортунун базасында карго-борборду түзүү жана өнүктүрүү боюнча таанылган эл аралык инвесторду табуу зарыл. "Ош" аба майданынын базасында Фергана өрөөнүнүн жүргүнчүлөрдү ташуу борборун түзүү, "Исфана" аэропортун модернизациялоо керек.

"Тамчы" аэропортунун базасында эл аралык почта жана соода агымдарына интеграцияланган почталык логистикалык борбор түзүлөт.

Айылдардын дээрлик баарына таза суу кирет

Жакынкы беш жылда мамлекет тышкы донорлордун жана республикалык бюджеттин эсебинен 470 миллион долларга жакын каражат инвестициялайт. Муну менен таза суу өлкөнүн калктуу конуштарынын 95 пайызына чейин жеткирилет. Жыл сайын республиканын 100гө жакын айылына таза суу киргизилет.

Человек набирает воду из-под крана в Осаке. 23 марта 2011 года
© AFP 2021 / VOISHMEL
Жыл сайын республиканын 100гө жакын айылына таза суу киргизилет

Саат боюнча эмгек акы төлөө

Экономиканын айрым секторлорунда эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек контрактыларына жана саат боюнча эмгек акы төлөөгө өтүү зарыл.

20 шаарда жаңы типтеги кесиптик-техникалык лицейлер модернизацияланып, ишке киргизилет. Анын базасында жаштар, эмгек мигранттары үчүн чет тилдер жана инженердик адистиктер, ишкердик, санариптик жана каржылык сабаттуулук боюнча адистештирилген окутуу программалары колдонулат.

Мужчина держит сомы в руке. Иллюстративное фото
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Экономиканын айрым секторлорунда эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек контрактыларына жана саат боюнча эмгек акы төлөөгө өтүү зарыл

Кредиттин пайызын азайтуу, жан бактылык позициядан четтөө

Мамлекеттин стратегиялык эмес объектилерин толук же жарым-жартылай менчиктештирүү, башкарууга өткөрүп берүү.

Санарип улуттук валютаны (санариптик сом) колдонуунун пилоттук долбоору ишке киргизилет.

Кредиттер боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Посетители в отделении Райффайзенбанка в Москве.
© Sputnik / Валерий Мельников
Кредиттер боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат

Эл аралык донорлордун "арзан ресурстарынан" көз карандылыктын жогорку деңгээли негизинен башкаруу системасын "алсыратты". Бюджеттин төлөм жөндөмдүүлүгү жеңилдетилген тышкы колдоодон улам сакталууда. Жан бактылык позициядан четтеш керек жана өнүгүүнү каржылоонун жаңы принциптерин калыптандырууну баштоо абзел.

Мамлекеттик тышкы карызды алмашуу боюнча долбоордук сунуштардын негизинде Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо (эсептен чыгаруу, жарым-жартылай грантка өзгөртүп түзүү) жөнүндө донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү демилгелөө.

ГЭСтерди куруу, электр энергиясын сатуу

Жаңы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү негизги милдет болуп саналат. Камбар-Ата ГЭС-1, Жогорку Нарын, Суусамыр-Көкөмерен, Казарман ГЭС каскаддары курулат. Анын артыкчылыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен Нарын дарыясынын бассейнинин гидроэнергетикалык потенциалы ишке ашырылууга тийиш. Токтогул ГЭСинин каскадында иштеп жаткан кубаттуулуктарды модернизациялоо жана тезинен реконструкциялоо талап кылынат. Чакан ГЭСтер курулат.

Запуск в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жаңы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү негизги милдет болуп санала

Электр энергиясын Чыгыш Азияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатууга даярдык көрүлөт. CASA-1000 долбоору ишке ашырылат.

Энергиянын альтернативалуу булактарын (күн жана шамал энергиясы) өнүктүрүү каралат.

Шаарда экологияны сактоо максатында мамлекеттик автотранспорт паркы электромобилдерге этап-этабы менен которулат. Министрликтер менен ведомстволорду электромобилдерге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилет.

(Уландысы бар)

Тема боюнча

Беш эсе тез иштейбиз! Акылбек Жапаровдун өлкөнү өргө сүйрөй турчу 12 убадасы
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Акылбек Жапаров "электрондук сом" долбоорун айтып чыкты. Улуттук банк эмне дейт
Белгилер:
Кыргызстан, өнүктүрүү, айыл, шаар, калк, улуттук программа

ЭҢ МААНИЛҮҮ