16:01 27 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7891
  • EUR98.4232
  • RUB1.2191
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (266)
397 0 0

Владимир Путин Афганистандагы абал жөнөкөй эмес экенин эске салып, чектеш мамлекеттерди сак болууга үндөдү.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ирак жана Сириядагы террорчулар Афганистанга тартылып жатканына байланыштуу чек араларда көзөмөлдү күчөтүү керек. Анткени алар КМШ өлкөлөрүндө абалды курчутууга аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Ирак, Сириядан Афганистанга согушуу үчүн тажрыйбасы мол террорчулар барып жатат. Алар чектеш мамлекеттерде абалды курчутуп, керек болсо кулачын жаюуга аракет кылышы ыктымал. Андыктан чек араны катуу көзөмөлдөп, күч органдарынын ишин координациялоо керек. Зарыл болгон учурда биргелешкен атайын операцияларды өткөрсөк болот”, — деди Путин.

Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Ошол эле күнү Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (266)

Тема боюнча

АКШ Афганистанга гуманитардык жардам жеткирмей болду
Аялдардын укугун коргогула! БУУнун башкы катчысы талибдерге кайрылды
Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты
Белгилер:
Афганистан, Россия, терроризм, Владимир Путин, чек ара

ЭҢ МААНИЛҮҮ