Тажикстандын элчиси демилге көтөрүп Казакбаев менен жолукту. Козголгон маселелер

© Фото / прес-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Эки мамлекеттин аймагына Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу кирип-чыгышына тиешелүү маселелер дагы талкууланды.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу тажик тараптын демилгеси менен уюштурулганы белгиленди. Анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланган.
"Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө өзгөчө басым жасалды. Министр Руслан Казакбаев апрель айында болгон кайгылуу окуяларда достук мамилени бекемдөөгө жана куралдуу кагылышууларды болтурбоого өбөлгө түзүү үчүн чакырылган Бишкектеги жана Душанбедеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жоопкерчилигин жана дипломаттардын алдыңкы ролун өзгөчө белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чийүү боюнча практикалык натыйжага жетүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин айткан.
Муну менен катар эки мамлекеттин аймагына Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу кирип-чыгышына тиешелүү маселелер дагы талкууланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0