Жогорку Кеңеш Кумтөр жана чек ара маселесин карап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 17-май күнү, кезексиз жыйынга чогулду. Күн тартибине үч маселе киргизилди.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн кезексиз жыйынга чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр жана чек ара маселелерин карайт.
Эл өкүлдөрүнүн бири бүгүнкү күн тартибинде чек ара жана алтын кени боюнча олуттуу маселелер коюлганын айтып, чек ара боюнча талкууну башка күнгө жылдырууну сунуштады. Анын пикиринде абалды тыкыр талкуулоого бүгүн убакыт тардык кылат.
Төрага Талант Мамытов бул сунушту добуш берүүгө коюп, жыйынтыгында депутаттар эки маселени тең бүгүн кароо чечимин кабыл алышты. Ага кошо жаңы мандат алган депутаттын ант берүүсү дагы бүгүнкү күн тартибине киргизилди.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0