Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулайт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив
Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулган. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 8-май күнү Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаган.
Тажикстандын президенти Москвада өтө турчу Жеңиш парадына да катыша турганы айтылды.

Баткен чек арасындагы кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары айтылды
40 миңден ашык адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болду.
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү
4-майдын түнү Башкы прокуратура Тажикстан Кыргызстанга кара ниеттик менен кол салып, аскердик агрессия жасады деген расмий билдирүү таратты. Кол салуу мурдатан пландаштырылгандыгын ага аскерлерден сырткары жалданган куралдуу адамдар менен бандиттик түзүмдөр катышкандыгын билдирди. Бул боюнча Башкы прокуратура 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш ишин козгоду.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0