Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк

© Пресс-служба правительства КРЭкс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына республиканын саламаттык сактоо тутумундагы кырдаалдан кенен маек куруп берди.
Алтынай Өмүрбекова менен болгон баарлашуубуз маңыздуу да, көлөмдүү да болду. Андыктан экиге бөлүп жарыялоону эп көрдүк. Маектин биринчи бөлүгү менен да тааныша аласыз.
— Эмнеликтен бизде жанталашпаган аткаминерлердин жетекчилерине салыштырмалуу ЖМКга жакын болгонун кызгана беришет? Тааныш маалымат катчылар бар, мисалы, алар демилгелүү, оозго алынган, колдоого татыйт. Анан аларды башчылары чакырып: "жетекчиликке караганда сен элге көп көрүнүп жатасың, бул жактагы иштин баарын сен кылгансып", – деп зекип калышат экен.
— Менимче, буга "көрө албастык" деген так улуттук диагноз бар. Маалымат катчы уюмдун жүзү эмеспи. Ал элге өзүн көрсөтүп жаткан жок да. Иш тууралуу, уюмдун жетишкендиктери жөнүндө маалымдайт. Ар бир жетекчи буга кубануусу кажет.
Эл алдына чыккандан абдан чочулаган жетекчилер бар, начар сүйлөйт, сандарды дайым эле жатка биле бербейт. Бирок күчтүү орун басарың болсо, бул сенин артыкчылыгың гана. "Орун басарларыңарды кызганбагыла, алар канчалык күчтүү болсо, сага ошончолук жеңил" деп көп айтам. Бул биздин кандайдыр улуттук көйгөйүбүз көрүнөт.
Министрлик 24/7 мээнеттенет, бирок аны элге көрсөтө албасаң, эмгегиң түккө турбайт. Мекемеде жаңы кызмат көрсөтүү пайда болду дейли. Эгер жетекчи болсоң, аны керектөөчү катары текшерип көр, элге көрсөт. Азыр кандай иштегениң гана эмес, аны элге кантип көрсөтө алганың да кыйла маанилүү.
— Мунун деле тынбаган башка жагы да бар. Кырдаал кызматтык өсүшүнө жолтоо кылынган аткаминерге гана таасир этпейт, мындай көрүнүштөн коом да жабыр тартат. Жанагы эле мисал, маалымат кызматы начар иштесе, жетекчисин "коргой берсе", ал коомду, коом аны көрбөйт. Маселен, президентти эле алалы.
— Маалымат кызматынын ишин кубаттап турушубуз керек, бул – сенин беделиң, имиджиң, эң оболу сенин ишиңдин чагылдырылышы. Бири-бириңди кубаттап, боорукер болууга тийишсиң. Коом азыр абдан агрессивдүү. Ооба, турмуш оор экени түшүнүктүү, бирок бизге эч ким келип кол сунбайт, бизди айыктырып койбойт. Ар ким өзү үчүн артыкчылыкты аныктап, күн сайын өзүн-өзү өстүрүүгө тийиш, ушундай гана жол бар. Билимдүүлүк жана түшүнүктүүлүктүн кандайдыр жалпы толкуну келип эле бизди жапырт каптап калбайт. Башкалардан кемчилик эмес, жакшылык издөө абзел.
— Мындай бир тенденция жакындаганын кулагым чалды, кудай анын бетин нары кылсын албетте, врачтарыбыз бөлөк өлкөлөргө иштеп кетиши мүмкүн экен, анткени сунуштар түшө баштаптыр. Ызасынан улам алар тышка кетип, биз кесипкөйлөрдөн кол жууп калышыбыз ыктымал. Мындай көрүнүш медиктердин арасында эле эмес. Сиз өлкөдөн кетүүгө ниеттенген жоксузбу?
— Туруктуу жашаган жеримди алмаштыргым жок. Бирок Москвада ваканттык орунга сынакка тапшыргам, азырынча өтө элекмин. Эгер ал жакта иштөөгө мүмкүндүк болуп калса, баш тартпайм.
Мындай көрүнүш, тилекке каршы, жок эмес. Мен дагы көрүп, окуп жатам, адамдар кетүүгө ашыгышат. Тек гана жабык чек аралар аларга бөгөт болуп турат. Эгер врачтар тууралуу айта турган болсок, алар жерде калбайт. Жолдошум чакыруулар көп болорун айтып калат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтынай Өмүрбекова: маалымат кызматынын ишин кубаттап турушубуз керек, бул – сенин беделиң, имиджиң, эң оболу сенин ишиңдин чагылдырылышы. Бири-бириңди кубаттап, боорукер болууга тийишсиң. Коом азыр абдан агрессивдүү
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Өмүрбекова: маалымат кызматынын ишин кубаттап турушубуз керек, бул – сенин беделиң, имиджиң, эң оболу сенин ишиңдин чагылдырылышы. Бири-бириңди кубаттап, боорукер болууга тийишсиң. Коом азыр абдан агрессивдүү
— Жолдошуңуздун кесиби кандай?
— Ал офтальмолог. Айрыкча реаниматолог, анестезиологдорду көп чакырышат, аларга кайда болбосун талап күч. Алыска барбай Россияны эле алалы. Ал жакта адамдык ресурска зарылып турган, маянасы жакшы, соцпакети дурус ири облустар бар.
Адам дайым өзүнө жаккан жерди издейт эмеспи. Үй-бүлөңдү багуу маселеси турганда мекенчилдик жана башка нерселер экинчи планга жылат. Ар бир адам качандыр бир кезде эмес, бүгүн бакубат жашоону самайт.
— Мунун баарын жөнгө салуу үчүн мамлекеттин ролу жөнөкөй эле жана абдан маанилүү нерседе экени сезилбейби сизге? Башкача айтканда, муну жеке колго өткөрүп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүп, мыйзамдын аткарылышы үчүн көзөмөлдөп турууга болобу? Бул процесс мамлекеттин колунда тура берсе, биз күбө болгондой, жакшырып да кетпеди. Баары начарлап эле баратат дегим келбейт, бирок олуттуу жакшырууну да байкаганыбыз жок. Сиздин оюңузча мында мамлекеттин ролу эмнеде?
— Мамлекет — жөнгө салуучу. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр оголе көп, бирок аутсорсингге берүүгө ылайык кызматтар да бар. Бүгүн 600 миң бала бакчага барбайт.
— Жеке мектептер да ачылууда, жакшы мугалимдер ошол жакка ооп жатат. Жеке багыт мамлекеттик мектептерди басып кетип жаткандай.
— Албетте. Ваучер тутумун киргизүүгө эмнеге болбосун? Мисалы, жеке бала бакча ачтым дейли, акысы – алты миң сом. Мамлекет бала бакчалардагы бир балага жылына 4-5 миң сом жумшайт.
Бул акчаны жеке бала бакчаларга берсин, ортодогу айырманы – миң сомду ата-эне чыгарсын. Ошондо бийлик бакча имаратын курууга 50 миллион сом коротуп отурбайт. Келгиле, муну бизнеске сунуштайлы, ошондо мамлекет үнөмдөйт, ал эми жарандар акча табат.
— Бир жылдан ашуун убакыт мурун сиз мектептердеги ата-энелер фондун толук жоюу демилгеси жөнүндө айтып келгенсиз. Азыр ошол ойдосузбу же билим берүү жана саламаттык сактоого акы төлөнгүдөй жеке колго берилишин колдойсузбу?
Кыргызстандын өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп
— Эч качан. Бизде акы төлөнүүчү да, акысыз да билим болушу шарт. Конституцияда бала орто билимди акысыз алууга акылуу экени жазылган. Предметтердин белгилүү базасы, бир жылдагы сабактын саны – бул так макулдашылган пакет болууга тийиш. Муну биз мектептерден тартып албайлы. Аларга кошумча билим берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгүн да түзүү зарыл.
Эгер мектеп, маселен, фортепиано, шахмат же айкидо ийримин ачкысы келсе, эмнеге ага тыюу салуу керек? Бүгүн ата-энелер балдарга баары бир кошумча билим беришет, кайдадыр ташып жүрүшөт. Предметтердин ошол базасын мамлекеттин эсебинен биз камсыздоого тийишпиз. Бирок мектепке өз алдынча акча табууга жол беришибиз керек, бул кадыресе көрүнүш. Айрым мугалимдер методикалык колдонмолорду жазгысы келет, алардын билими бар, эмнеге болбосун? Каалагандар сатып алат. Бирок мамлекеттик билим берүү стандартын менин балама камсыздап берүүңөрдү өтүнөм. Ошону менен бирге эле мен кассага тряпка же башкасы үчүн кошумча төлөбөйм, мунун баары киши башына каржылоого кирет. Анда баары, мугалимдердин маянасы, коммуналдык төлөмдөр, окуу китептери, эгер мугалимдер билимин өркүндөтүүгө барышса, сапар акысын төлөп берүү жана башкалар эске алынышы кажет.
— Андан көрө мамлекет бул процесске киришип, ошол фонддордун ишин мыйзамдаштырганы жеңил болбойбу? Анткени ата-энелер баары бир акча төгүшөт. Ошондо, балким, мектеп директорлору, мисалы, кымбат жолтандабас минбей калат чыгар.
— Учурда мыйзам көмөктөшүүчү фонддорду түзүүгө жол берет, мурдагы бүтүрүүчүлөр мектепке жардам көрсөтөт. Бизде бул аймактарда абдан өнүккөн. Келгиле, аныктап алалы, билим берүүнүн кайсы бөлүгү акысыз, кайсынысына акча төлөө керек? Бала базалык билимди толук алат, ал эми кошумчасына акы төлөнөт.
Биз киши башына каржылоо үчүн мамлекет ар бир балага жылына 17 миң сарптоого тийиш экенин эсептеп чыкканбыз. Эгер ар бир окуучуга мамлекет тарабынан кепилденген сумма киргизилсе, мектептер өздөрү балдардын артынан түшөт. Ошондо алтынчы кичи райондо жашаган бала жанындагы сопсонун, заңкайган жана жарымы ээн турган №39 мектепти чанып, жакшыраак билим берет деп шаардын ортосундагы №24 мектепке каттабайт. Ошондо ар бири өз мектебин мыктылоого умтулат, анткени баланын аркасы менен каржылоо келет. Киргизе турган эң жөнөкөй нерселер бар, эрк гана зарыл.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтынай Өмүрбекова: Мамлекет — жөнгө салуучу. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр оголе көп, бирок аутсорсингге берүүгө ылайык кызматтар да бар. Бүгүн 600 миң бала бакчага барбайт
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Өмүрбекова: Мамлекет — жөнгө салуучу. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр оголе көп, бирок аутсорсингге берүүгө ылайык кызматтар да бар. Бүгүн 600 миң бала бакчага барбайт
— Айыл өкмөт башчылыгына, мисалы, аял киши дайындалып, калктын анык керектөөсүнө көбүрөөк көңүл бөлүп, айрым нерсени эне катары аткарган учур барбы? Эркек кишилер, баары эле эмес албетте, жетекчилик кызматка барганда эл көзүнө көрүнүү үчүн бюджеттик акчага той уюштуруп, кайсы бир чыгаан ишмердин шарттуу жүз жылдыгын өткөрө баштайт деген пикирлер бар. Мамлекеттик аппаратта аялдар басымдуу болушу керекпи?
— Бул мамлекеттик аппаратка гана тиешелүү эмес. Эгер биз айымдарды аким, губернатор, депутат кылсак, бул мамлекет үчүн жакшы болмок. Аялдарда микроменеджмент жакшы өрчүгөн.
Үй-бүлөлүк бюджетти аялдар жүргүзөт, кайсы жерде эмнени ыңгайлуу кылуу туурасында дайым ойлонот. Анткени ал табиятынан ушундай келет өңдөнөт. Мына ушул жөндөмдөрүн кийин иште пайдаланышат.
Тигил же бул министрликте айым жетекчи жамаат ыңгайлуу шарттарда иштешине карайт, аз бюджетти кантип туура бөлүштүрүүгө баш катырат. Анткени эң оболу ал – эне.
Эгер сегиз сааттык иш күнү болсо, ал акырына чейин жумушта отурарын бөркүңүздөй көрүңүз. Ошол эле мектепти алсак, ашыкча тыйын болуп калса, дароо, мисалы, ремонтко жумшоону байкаштырмак.
Башкысы айымдар көбүрөөк жаратман келишет, алар таптакыр согушчул эмес. Балким, жаңылып жаткандырмын, бирок эркектер маселени көбүрөөк агрессивдүү ыкмалар менен чечүүгө аракет кылышат.
— Бирок бул айымдардын да, эркектердин да баарына эле тиешелүү эмес.
— Албетте. Бирок өзүм бирге иштешип калган айым жетекчилердин бардыгы ак ниеттүү экенин көрдүм. Эгер айрым мырза кесиптештерим бильярд ойноого убакыт табышса, аялдар негизинен иштен башын көтөрбөйт.
— Мамлекеттик аппаратты ичинен көрүп, көңүлүңүз калган жокпу?
Аткаминер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Улуусу 61, кичүүсү 34 жашта. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курагы, билими
— Азыр менде таарыныч жок. "Мандатты эмнеге таршырдың, азыр депутат болуп отурмаксың" деп калышат. Бирок өкмөткө барганыма түк өкүнбөйм, ал жакта абдан жакшы балдарды кезиктирдим. Билгенимдеримди алар менен бөлүштүм, бирок көбүнесе мен алардан үйрөндүм. Алар тапшырма алып, кынтыксыз аткарып, бирок дайым көлөкөдө калышат. Бир топ жылдан бери тыкандык менен иш алып барышат, абдан дасыккан. Бирок алар элге көрүнгөндөн чындап чочулашабы, биле албадым. Бир аз кысылып турушкандай, өзүм да ошондой болуп калдым. Анткени качан болбосун өзүңдү чектеп жүрөсүң, аткаминерлерди дайым тилдей беришет эмеспи. Маселен, чоң бир жыйын өтүп жатат дейли, премьер же министр: "Кимде кандай суроо, сунуштар бар?" – деп сурайт. Эч качан эч кимисинде суроо болбойт! Эгер бирөө бир нерсе айтса, дароо баары: "Ой, кудай ай!" – деп үшкүрүнүшөт. Демилгелүүлүк ал жакта колдоого алынбайт.
Бир нерсе айткың келсе, чогулуштан кийин баш багып, белгилегениң оң. Биз мамлекеттик кызматкерлерибизди жарга такап койгонбуз. Жетекчилер бат-бат алмаша берип, алар: "Бул ирет мени жумуштан кетирип салышпас бекен? Ордумда иштеп каламбы же жокпу?" – деп дайым чочулап турушат. Эгер бийлик дагы тез-тез алмаша берсе, биз мамлекеттик башкаруу тутумун талкалап алабыз.
— Айрымдар "жем жей" турган орунда отургандыктан буга "чыдап коюуга, жемкорлукка көмөктөшүп, өз чөнтөгүңдү толтуруп, тымызын, демилгесиз жашай берүүгө болот" деп ойлошот да. Андайлар менен бет келиштиңизби?
— Акимчиликте иштеп жүргөнүмдө бизде соода бөлүмдөрү бар эле. Алар ишкерлер, башаламан соода боюнча иш алып барышчу. Көйгөйү жык "Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөшүшчү. Аларга дайым: "Абдан этият болушуңар керек, ал жакта азгырык көп, алдырбагыла. Жашооңорго жетпей жатса, анда мындай маянага бул жерде иштебей койгонуңар жакшы", – деп айтчумун. Бирок ошол балдардын айрымдары жаза басып алышты. Антпесе, ага дейре: "Жок, эч качан андайга барбайм!" – деп келишкен. Азгырылып, кармалышты. Болду-болбоду андай жорук улам кайталанып турса керек.
Ал эми өкмөттүк аппараттагы кызматкерлеримдин арасында андай учур болгон жок. Ар кандай, "колдоосу күч" адамдар жок эмес, аларды "башкалардын эсебинен жашагандар" деп коём. Билесизби, 10 кишиден турган бөлүмдө экөө эле мээнеткеч, баары ошолордун күчү менен кармалып турат. Көбүнесе жөн эле отурган кишилер да бар.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтынай Өмүрбекова: менин бөлүмүмдө бир жигит бар эле. Абдан келишимдүү, сындуу, укмуш иштеп жаткандай түр көрсөтө билет. Бирөөнүн ордун жөн эле ээлеп отурган таптакыр пайда-батасыз кызматкер. Дагы бир кызматкер алып, анын ишин бөлүштүргүм келген, бирок анте да алган жокмун. Билишимче, ал алигүнчө ошол жакта иштеп жүрөт
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Өмүрбекова: менин бөлүмүмдө бир жигит бар эле. Абдан келишимдүү, сындуу, укмуш иштеп жаткандай түр көрсөтө билет. Бирөөнүн ордун жөн эле ээлеп отурган таптакыр пайда-батасыз кызматкер. Дагы бир кызматкер алып, анын ишин бөлүштүргүм келген, бирок анте да алган жокмун. Билишимче, ал алигүнчө ошол жакта иштеп жүрөт
— Көпчүлүк бизде бүтүндөй мамлекеттик аппарат талбай иштеген 20 эле пайыздан турат, калгандары эмне менен алектенгени белгисиз деп ойлошот.
— 20 пайыз деп так кесе айтпас элем. Бирок менде эки бөлүм бар болчу, андагы кишилердин эч бирин кетире албайт элем. Анткени ар биринин аркасында кимдир бирөө турат.
Эң кызыгы, жетекчилердин баары эле тегерегине кесипкөйлөрдү топтоого умтулбайт. Кээде кызматкерлерди тааныш-билиштик менен алышат. Мамлекеттик кадр кызматы өткөргөн сынактар дайым эле туура боло бербейт.
— Бул системаны эмне токтото алат?
— Адегенде мамлекеттик кызматтын аброюн жогорулатуу абзел. Ошондо гана чындап кесипкөйлөр келет. Кызматка сынак жарыяланып, жыйынтыгы чындап эске алынчу убакта ушуга күбө болобуз. Бизде жогорку упай алган кишини эмес, жумушка өз тааныштарын алышат. Мунун баары көңүл калтырат, кесипкөйлөр жумуш издеп жеке тармакка кетишет. Ал эми мамлекеттик кызматта кандайдыр байланышы бар адамдар гана калат.
Кандай жетекчи болбосун ишин аткара албагандарды дайым көрүп турат. Анткени чабал бөлүмдө иш дайым аксап турат. Айрыкча өкмөт аппаратында абдан тыкыр тандоо жүрүшү абзел. Себеби бул адамдардын баары эксперт деп аталышат, алар министрликтерге көмөктөшүүгө тийиш. Мамлекеттик органдардан алынган бардык маалымат өкмөттүн аппаратына түшөт. Ал жактан ченемдик-укуктук актылар чыгарылып, сиз менен биздин турмушту жөнгө салат. Мында дилетанттар болбоого тийиш. Мурда өкмөткө мамлекеттик органдарда белгилүү бир баскычтардан өткөндөр гана келишчү, андан кийин аларды дем берүү иретинде аппаратка жиберишчү. Ал эми азыр кызматка дайындалганга дейре бул баскычтардын баарынан басып өтүштүн кереги жок. Эгер үч жылдык тажрыйбасы болсо, ал өкмөткө кирип, эксперт атыга алат. Менимче, азыр мамлекеттик башкаруу тутумун кандайдыр оптимизациялоо жүрөт. Эгер эл президенттик башкаруу формасын тандап алса, өкмөттүк жана президенттик аппаратты кармаштын таптакыр зарылдыгы жок. Экөө бири-бирине тоскоол этет, президент аппараты дайым үстөмдүк кылат. Алар дайым эле өз колун коё беришпейт. Бирок оозеки түрдө каалаган кызматкерди чакырып, кагазда чагылдырылбаган көрсөтмөлөрдү берип, аткарууну талап кыла алышат. Кийин анан кол койгон киши жооп берип калат.
— Жогоруда "колдоосу күч" кызматкерлер жөнүндө айтып өттүңүз. Жумуштан кетиргиңиз келгенде, бирөөлөр телефон чалышчу экен. Андай бир мисал эсиңиздеби?
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Медиктерге компенсация төлөө мыйзамы өзгөрдү. Кошумча акча алуунун жол-жобосу
— Менин бөлүмүмдө бир жигит бар эле. Абдан келишимдүү, сындуу, укмуш иштеп жаткандай түр көрсөтө билет. Бирөөнүн ордун жөн эле ээлеп отурган таптакыр пайда-батасыз кызматкер. Дагы бир кызматкер алып, анын ишин бөлүштүргүм келген, бирок анте да алган жокмун. Билишимче, ал алигүнчө ошол жакта иштеп жүрөт.
Биз баарыбыз кыргызбыз, бири-бирибизди тааныйбыз. Бири экинчисине тууган же дагы башка... Бизде бир сапат бар, ал мага да таандык, бирөөгө "жок" деш өтө кыйын. Айрыкча эгер ал сенин кесиптешиң, бир депутат же башкасы болот, эч ким менен мамилеңди бузгуң келбейт. Биздин коомдо "кылыч шилтөө" абдан кыйын. Бирок эч ким коркутуп-үркүткөн эмес, мындай учурлардын баары "бул менин иним болот, сураныч, кандай иштешти көрсөтүп, көмөктөшүп коюңуз" деп сылыктык менен жүрчү. Бирөөнү иштен кетириш да кыйын, анткени ар биринин үй-бүлөсү, балдары бар. Азыр отуруп алып керексиз кызматкерлерден арылыш керек деп айтыш оңой.
Жаш балдардын өз алдынча изденбегени жакпады, өзүн өзү өстүрүүгө умтулуу жок. Бир нерсе жасамыш эле этишет. Дегеле демилге деген жок. Баш багып: "Мындай кылыш керек деп эсептейм, менимче, бул сонун болмок", – деп айтканга эмнеге болбосун?
— Вице-премьерлик кызматта кандай чоң катачылыктарга жол бердим деп ойлойсуз?
— Кесепети оор катачылык дегенге болбостур. Бирок менин катачылыгым — кандайдыр бир кыйынчылыктар туурасында премьерге убагында көп айта бербегеним болуптур. Жумушта бир нерселерди өзүң чечүүгө тырышасың, ушул биздин жалпы катачылык экен.
Ажылыктан келгендерди эмнеге обсервацияга жайгаштырган жоксуңар деп көпчүлүгү бизди тилдешти. Сауд Аравиясында ошол тушта 21ден ашпаган учур эле катталган. Балким ал статистикада ката болушу мүмкүндүгүн караштыруу керек болгондур.
Штаб аларга ПЦР-тест тапшыртып, үй карантининде болууну айткан. Бирок эч кимиси аны аткарбаганы түшүнүктүү, бирөө да карантинде болгон эмес. Биздин сөздөрүбүздү алар этибарга алышкан жок. Ал тургай ПЦР-тест алып жатканда да каршылык көрсөтүшкөн. "Биз ыйык жерден кайттык, ал эми силер шектенесиңер", – дешкен. Кийин дал ошол ПЦР-тесттерден улам Сузакта алгачкы үч ноокасты аныктадык.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтынай Өмүрбекова: менин катачылыгым — кандайдыр бир кыйынчылыктар туурасында премьерге убагында көп айта бербегеним болуптур. Жумушта бир нерселерди өзүң чечүүгө тырышасың, ушул биздин жалпы катачылык экен
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Өмүрбекова: менин катачылыгым — кандайдыр бир кыйынчылыктар туурасында премьерге убагында көп айта бербегеним болуптур. Жумушта бир нерселерди өзүң чечүүгө тырышасың, ушул биздин жалпы катачылык экен
— Өткөнгө кылчайып өлүм, илдетке чалдыгуулар үчүн кандайдыр күнөө сезесизби?
— 111 учур чыгып, бир да өлүм каттала элек кезде кеттим. Бирок пандемияга каршы күрөшүү иштерин баштаган, иштегендердин баарында дайым моралдык жоопкерчилик болот. Абийирдүү киши кандай болгон күндө да дайым өзүн күнөөлүү сезет.
— Жогоруда "Ушул тапта өкмөткө чакырышса, барасызбы?" деген сурообузду жоопсуз калтырдыңыз. Макул болор белеңиз?
— Кайсы бир учурдан тарта "ооба" же "жок" деп айтыштан чочулап калдым. Вице-премьер болуп турганда мени дарс окууга чакырып калышты. Ошондо студенттер: "Депутаттыкка ат салышасызбы?" – деген суроо узатышкан. Мага аткаруу бийлигинде иштөө кызыктуу экенин, шайлоого катышпай турганымды айткам. Кийин кайра өзүм депутаттыкка ат салыштым. Мындай жагдайлар дайым боло берет.
Эгер телефон чалышса, албетте, карап көрөбүз. Бирок бир эле дайраны эки жолу кечкенге болбойт. Эгер сиз вице-премьерлик туурасында айтып жатсаңыз, ошол эле кызматка макул болорум арсар. Кандайдыр башка варианттарды, балким, карап көрүүгө болот чыгар. Анткен менен азырынча алдыда мени бир аз башкачараак вазийпа күтүп турат дегенге көбүрөөк ыктаар элем.
— Жогорку кызматтагылардан гуманитардык жардамды чоң көлөмдө уурдоого аралашкандар тууралуу маалыматыңыз барбы?
— Андай нерсе ойго келбей койбойт. Балким, гуманитардык жардамды катып коюп, ал түгүл саткандар да болгондур. Бирөө ажал менен арбашса, башкасы кампасынын камын ойлойт тура.
— Биринчи суракка баратканда кандай сезимде болдуңуз? Үй-бүлөңүз муну кандай кабылдоодо?
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2021
Комиссия Республикалык штабдын пандемиядагы эң биринчи катасын атады
— Албетте, жагымсыз болду. Улгайып калган ата-энем дегеле мындай нерсени көргөн эмес, алардын үрөйү учту. Атам мени коштоп барды. Кереги жок десем: "Мен барам, күтүп турам", – дейт. Эми ата-эне деген ата-эне да. Мектептеги балам жаңылыктардан окуптур, "Сен суракта болдуңбу?" – деп жазат. Белгисиздиктен улам гана жүрөксүндүм, мындай органга барыштын өзү дайым жагымсыз эмеспи. Бирок мени дайым жакындарым жооткотуп турат. Менимче, колумдан келгендин баарын туура аткаргам.
Башкысы, каржылык багытта абийирим таза. Бирок азыр баарын катар эле... Суракта сени эмне күтөрүн да билбейсиң.
— Сиз кандай ойдосуз, октябрь окуясынан соң адилеттүүлүк орнодубу?
— Ошол күнү аянтта мен да болгом, трибунада элек. Жүрүштү Опера жана балет театрынан баштаганбыз. Көпчүлүгүбүздүн көңүлүбүз калган, анткени каалаганыбыз ал эмес болчу.
— Шайлоонун жыйынтыгын айтасызбы?
— Ооба. Шайлоо босогосун ашабыз деген ишенимде элек. Бирок шайлоо ушунчалык ыплас, адилетсиз өттү! Бул багытта Кыргызстанда шайлоо жетер чегине жетти. Биз аралашып жүрүп, ичинен көрдүк. Жетинчи шайлоого катышып жатсам да, мынчалык добуш сатып алмайга биринчи ирет күбө болдум.
Октябрь окуясына катышкан, жыйынтыгынан көңүлү калган көп балдар бар. Алар муну жашырышкан да жок. Жабыр тарткандар да, каза болгон бала да бар. Андыктан бүгүн бийликте тургандардын баарында эбегейсиз жоопкерчилик турат. Биринчиден, адамдардын үмүтү. Андан башка да сот бар, сөзсүз эле Жердеги эмес. Алар муну так түшүнүүгө тийиш, качан болбосун жооп берүүгө туура келет. Биргелеше аракеттешип, изденип, бири-бирине доомат коюуну, акыл үйрөтмөйдү азайтуу абзел.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтынай Өмүрбекова: менимче, Сооронбай Шарипович өзү жумшак киши, балким, президент болуу үчүн жетишерлик лидерлик сапаттарга ээ эместир. Балким, азыр муну айтуу натуурадыр, бирок олуттуу саясий дымагы бар адамдар да муну эске алганы оң
Экс-вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Өмүрбекова: менимче, Сооронбай Шарипович өзү жумшак киши, балким, президент болуу үчүн жетишерлик лидерлик сапаттарга ээ эместир. Балким, азыр муну айтуу натуурадыр, бирок олуттуу саясий дымагы бар адамдар да муну эске алганы оң
— Биз баарлашууну жаздырардан мурун бир дагы өлкө азыр саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлерди жаман иштедиңер деп зекиген жок деп белгиледиңиз.
— Эми биз бул жагынан да планетада алдыда эмеспизби. Канткен күндө да, ачык маалымат мейкиндигинде мындай нерсе мамлекеттик деңгээлде жүргөнүн кезиктирбедим. Анткени жаңы толкун келе жатат. Териштирүүгө өткөн жалгыз өлкө биз болсок керек.
Социалдык медиада автомат көтөргөн бет капчан кишилердин Дары-дармек менен камсыздоо департаментине келишкенин көрдүм. Автомат көтөрүп, бет капчан келүү зарылдыгы жаралгыдай укук коргоо органдары ал жактан эмне таба алат?
Эгер документтерди алыш керек болсо, алар баары бир алдыңыздарга жайып берет. Азыр Саламаттык сактоо министрлигинде, мисалы, прокуратура отурганын элестетиңиз. Бул ушул тапта алар алек болчу иш эмес!
Учурдан пайдалана президентке кайрылып, бул жагына көңүл бурууну, мындай ачууга алдырмайды ооздуктоону өтүнөр элем. Териштирип, бүтүм чыгарууга дайым убакыт табылат. Жооптуулар, күнөөлүүлөр жазасын тартат, мындай иштин эскирүү мөөнөтү жок. Азыр болжолдуу үчүнчү толкунга туруштук берүү үчүн биргеликте аракет көрүүнүн мезгили.
Коомдук тамактануучу жайларда официанттар бет кап тагынбайт. Дүкөнгө барабыз, "бет капсыз кирүүгө болбойт" деген жазуу турат. Ал бизге жөн гана кагаздай, эч ким сизди токтотпойт.
Ал эми Алматыда 30 чарчы метрлик дүкөнгө бир убакта бештен ашык кардар кире албайт. Калгандары сыртта күтүп турат. Бизден үч сааттык аралыктагы калаа эмне үчүн бир аз башкачараак эрежелер менен жашап жатат?
— Өзүңүздү Кыргызстандагы интеллигенция өкүлү катары санайсызбы?
— Ооба.
— Пандемия күч алып турган убакта Сооронбай Жээнбековго социалдык медиада кандай сындар, кандай каргыштар айтылбады. Ал түгүл Instagram баракчасын жаап салууга аргасыз болушту. Аты айтылбаган жаңылыктардын алдында эле анын дарегине жаман пикирлер жазылды. Пандемия убагында ал эмнеден жаза тайды.
Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жаңы өкмөт элди "жакырчылыктын тузагынан" чыгарууну убадалады. Программа
— Менимче, жеке сапаттарынан улам чекилик кетирди. Эгер сени кандайдыр бир кызматка көрсөтүп жатышса, сен ишти жүргүзүп кете алар-албасыңды так билүүгө тийишсиң, себеби баары эле лидер болуп жаралбайт. Менимче, Сооронбай Шарипович өзү жумшак киши, балким, президент болуу үчүн жетишерлик лидерлик сапаттарга ээ эместир. Балким, азыр муну айтуу натуурадыр, бирок олуттуу саясий дымагы бар адамдар да муну эске алганы оң. Эки жыл аралыгында аны аздыр-көптүр билип калдым, кыйла жагымдуу, жумшак кишидей сезилди мага. Бирок жакшы президент болуу үчүн бул аздык кылат. Жеке сапаттары гана таасир этти дегеним ошондон. Ал эми тегереги кандай болгону ошол сапаттарына жараша. Эгер айланаңда тигил же бул адамдарды байкай алган жоксуңбу, бул дагы сенин жеке кемчилигиң, сенин катаң, адамдарды дурус тааный албаганың.
— Сөздү кандай жыйынтыктагыңыз келет?
— Таш боор болбойлу, азыр адамдар абдан ачуулуу болуп кетти. Келгиле, алдыңкы катардагыларга жардамдашалы. Пандемия убагында мындай же тигиндей кылмакмын деп айтуу азыр бизге жеңил эмес. Бирок врачтар эң кыйын абалда эле, нөөмөттөн кийин бутуңда тура албайсың, анан да жалаяк салып жүргөнүңдү эч бир жан түшүнбөсө керек. Менимче, баарынан да алардын абийирдүүлүгүнөн шек саноо көңүлдөрүн көбүрөөк чөгөрсө керек.
— Ал аз келгенсип компенсация (кенемте) жаатындагы жагдай...
— Ооба. Компенсация алыш үчүн тойдо эмес, дал "кызыл зонада" жуктурганын далилдеп берүүгө аргасыз болушту. Менимче, медиктерге азыр абдан аяр мамиле кылууга тийишпиз. Эгер бир аз аша чаап кетсек, эртеңки күнү бизди адистер эмес, өзүбүздү өзүбүз, ыктыярчылар дарылап калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0