Жапаров: Бакиевчи, Акаевчи дей берсек кадрларды башка планетадан издеш керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы "бул Акаевчи болчу, тиги Бакиевчи болчу, ал Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотууга чакырды.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кадрдык өзгөрүүлөр боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Ал өлкө оңолуп, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция жасалганын белгилеген.
"Мен революция жасагам, ошон үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Экинчиден, "бул Акаевчи болчу, тиги Бакиевчи болчу, ал Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип отурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот. Үчүнчүдөн, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта", — деп жазган Жапаров.
Президент ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билиш эмес, ошол тармактын адиси бара жатканын айтты.
"Мындан ары "бөдөнөнү сойсо да касапчы соёт". Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат", — деген мамлекет башчы.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор бар экенине токтолгон.
Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Дос-тууган дебей... Жапаров аппаратынын кызматкерлери аткарчу иштерди атады
"Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат, бирок азырынча ушундай кылдык", — деп жазган Жапаров.
Ал ошондой эле ар бир чечимди "жети өлчөп, бир кесип" жатышканын белгилеген.
Эске салсак, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финполду өкмөттүн курамынан алып салуу пландалып жатканын өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0