https://sputnik.kg/20210111/tokaev-zhaparovdu-zhenishi-menen-kuttuktady-1051069203.html
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы элдин Кыргызстанды өнүктүрүү программасын колдой турганын көрсөттү деп белгилеген. 11.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-11T12:33+0600
2021-01-11T12:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
дүйнөдө
азия
садыр жапаров
касым-жомарт токаев
куттуктоо
жеңиш
шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0b/1051069042_0:28:2857:1635_1920x0_80_0_0_ddebfb3cd4427315bc5d0fde807689db.jpg
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында коңшу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого жана мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.Садыр Жапаров коңшу өлкөнүн башчысына жана казак элине колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктаган.Андан соң Токаев Жапаровду расмий иш сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырган. Өз кезегинде Жапаров чакырууну кабыл алганы айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0b/1051069042_36:0:2767:2048_1920x0_80_0_0_c91d2f15eb56d82887b30aaa9286c9da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, дүйнөдө, азия, садыр жапаров, касым-жомарт токаев, куттуктоо, жеңиш, шайлоо, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, дүйнөдө, азия, садыр жапаров, касым-жомарт токаев, куттуктоо, жеңиш, шайлоо, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
12:33 11.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы элдин Кыргызстанды өнүктүрүү программасын колдой турганын көрсөттү деп белгилеген.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында коңшу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого жана мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.
"Казакстандын президенти бир тууган Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров коңшу өлкөнүн башчысына жана казак элине колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктаган.
Андан соң Токаев Жапаровду расмий иш сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырган. Өз кезегинде Жапаров чакырууну кабыл алганы айтылды.