Бишкектеги шайлоо участогунда добуш берип жаткан аял - Sputnik Кыргызстан

Шайлоодон кийинки кырдаал. Сүрөт, тексттик баяндама жана видео

Жазылуу
Кыргызстанда бүгүн саат 20:00дө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жана президенттик шайлоо аяктады.
Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышты.
Шайлоонун кандай өткөнүн баяндаган - "Кыргызстандыктар президентти кантип шайлап жатат" деп аталган онлайн-репортажды да окуп, андагы материалдар менен таанышсаңыздар болот. 
 
 
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:55 10.01.2021
23:54 10.01.2021
Ситуация в Бишкеке после выборов президента и референдума - Sputnik Кыргызстан
23:52 10.01.2021
Ситуация в Бишкеке после выборов президента и референдума - Sputnik Кыргызстан
23:36 10.01.2021

"Үч жылдын ичинде жакырчылыкты толук жойгонго мүмкүнчүлүк болот. Эгерде Кыргызстанда туруктуулук болсо", - деди Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып.

 

 

23:27 10.01.2021

"Менин жакындарым коррупциялык иштерге аралашкан болсо, алар сөзсүз түрдө жазасын тартат. Мен буга кепилдик берем", - деди Садыр Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип.

 

23:20 10.01.2021

“Шайлоого катышкан атаандаштарыма чын дилден ыраазычылык билдирем. Азыркы тапта ынтымактан кетип, бири-бирибизге акаарат айтып ушак-айың менен алпурушуп отурунун эч кандай кажети жок. Мындан биз өлкөбүзгө зыян гана алып келебиз. Талапкерлердин көбү дасыккан чоң саясатчылар. Биз алардын иш тажрыйбасын, жаркын идеяларын өлкөбүз үчүн жумшоого тийишпиз. Ошондуктан атаандаштарыма Кыргызстандын келечеги үчүн жеке кызыкчылыктарыбызды сүрүп чыгарып, биримдикте иш алып барганыбыз туура деп эсептейм”, — деди Жапаров.

23:18 10.01.2021

"Россия — башкы стратегиялык өнөктөш. СССР урагандан кийин да мурдагыдай алакада болуп келдик. Кызматташып келдик. Россия биздин негизги өнөктөш катары кала берет", - деди Садыр Жапаров маалымат жыйында.

23:12 10.01.2021

"Мен Кыргызстанды оңдойлу деп жүрүп оор жоготууларга учурадым. Эгер ошол кыялдарымды ишке ашырбасам, атамдын, энемдин, уулумдун арбагы кечирбес ", — деди Жапаров.

23:10 10.01.2021

"Жаңы Конституция кабыл алынганга чейин эски баш мыйзам менен жашайбыз. Эки айча. Азырынча президентке эле бийлик берилбейт, парламентте да болуп турат. Андан сырткары курултай системасы да бар. Ал сунуштарын берип турат. Тең салмактуулук парламент менен президенттик башкаруунун ортосунда сакталат", - деди Садыр Жапаров. 

23:04 10.01.2021

Садыр Жапаров: Шайлоочулардын 60-65 пайыз добушун алам дегем. Чынын айтсам, добуштардын 83 пайызын   ойлогон эмесмин.

22:59 10.01.2021

Садыр Жапаров ал үчүн добуш бергендерге ыраазылыгын билдирип, жакынкы 3-4 жылда ага ишенген элдин жардамына, колдоосуна муктаж экендигин айтты.

22:29 10.01.2021
22:24 10.01.2021
Ситуация на площади Ала-Тоо в Бишкеке после выборов президента и референдума - Sputnik Кыргызстан
22:22 10.01.2021
20:59 10.01.2021

Садыр Жапаров 2017-жылы өтө турчу президенттик шайлоого абакта жатканына карабай катыша турганын айтып, документтерин БШКга тапшырган. Алгач БШК анын арызын кабыл алган, бирок...

 

Внеочередное заседание парламента КР - Sputnik Кыргызстан
Атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров тууралуу 14 факты
20:56 10.01.2021

Референдумдун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Саат 20:45ке карата алынган маалымат боюнча референдумга 1 140 249 жаран катышканы аныкталды. Бул жалпы шайлоочулардын 32 пайызын түзөт. Бул цифралар 2003 автоматтык түрдө эсептеген системанын берген маалыматына карап чыккан.
Президенттик башкарууну 81,19 пайызы, ал эми парламенттик башкарууну 10,71 пайызы тандаган. Баарына каршы болгондор 4,39 пайызды түздү.

20:49 10.01.2021

"Достук" мейманканасына спорттук түзүлүштөгү балдарды алып келип жайгаштырууда деген маалымат түшүп, милиция текшерип жатат. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Аталган факты Бишкек ШИИБдин маалыматтык журналына катталган.

"Учурда милиция кызматкерлери аталган мейманканага барып, ал жердеги адамдарды жана иштеген кызматкерлерди суракка алып жатат. Кандай максатта келгени жана айтылган кептерге тиешелүүлүгү каралууда. Спортчулардын бар-жогу да такталып жатат", — деди Макилов.


 

20:37 10.01.2021
20:32 10.01.2021
20:28 10.01.2021

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов "Ала-Тоо" аянтына чогулуп жаткандар тууралуу кабары жок экенин айтты.

Ал шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берип жатканда журналисттер борбордук аянтта эмне болуп жатканын сурады.

"Аянтта эмне болуп жатканы туурасында маалымат жок бизде. Кылмыш же жорук болду деп бизге түшкөн жок. Тактап беребиз", — деди Макилов.


 

Приготовления к концерту с массовым участием граждан на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0