БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Маалыматты Sputnik агенттигине ОИИББдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады.
Анын айтымында, Нурдинов ден соолугуна байланыштуу арыз жазган, бирок аны иштен бошотуу боюнча буйрук чыга элек. Облустук милициянын башчысы бир айдай амбулатордук дарыланууда болгон.
Малик Нурдинов бул кызматка 2018-жылы апрелде келген. Ага чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган. Быйыл өзгөчө абал режиминде Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.