00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы Конституцияда премьер-министр жок, өкмөттү да президент башкарат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги өкмөт үйүнүн көрүнүшү. Архив
Бишкектеги өкмөт үйүнүн көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналса, жаңысында аткаруу бийлиги президенттин колуна өтүп калган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Сунушталып жаткан жаңы Конституцияда премьер-министр кызматы тууралуу бир сөз жазылган эмес. Анын ордуна "өкмөт башчы" деген термин колдонулган.

Азыркы Баш мыйзамда өкмөт аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналса, жаңысында аткаруу бийлиги дагы президенттин колуна өтүп калган.

Sputnik Кыргызстан учурда иштеп жаткан жана демилгеленген Конституциядагы өкмөттүн ыйгарым укуктарын салыштырып көрдү.

Жаңы сунушталган Конституцияда аткаруу бийлиги тууралуу 79-беренеде мындайча жазылган:

  • Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин президент жана ага баш ийген өкмөт жүргүзөт;
  • Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт. Өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызматынан убактылуу четтетет;
  • Өкмөт өкмөт башчысынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат;
  • Өкмөттүн түзүмүн жана курамын президент аныктайт;
  • Президент өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

Учурда иштеп жаткан Конституциянын 83-беренесинде өкмөттүн милдеттери төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

  • Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат;
  • Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат;
  • Өкмөттү премьер-министр башкарат. Өкмөт премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат;
  • Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

Ал эми 84-берене менен өкмөттү дайындоо жолу төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

  • Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт;
  • Премьер-министрликке талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет;
  • Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койбосо, алар дайындалды деп эсептелет.

Көпчүлүк коалиция ыдыраган учурда өкмөт дагы отставкага кетип, жаңы курамы түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0